Menu

Адилет Айтикеев, эмиграциядагы журналист: “Быйылкы тарых жылында кыргыз тарыхчылары Кыргызстандын тарыхын эмес, Атамбаевдин Кокондук ата тегинин тарыхын изилдешти”

Бөлүшүү:

Быйылкы жылды тарых жана маданият жылы дегени менен покту да жасашкан жок. Болгон каражатты Көчмөндөр оюнуна чачып, сапырып коюп отурушат. Тарых жылы дегени менен биздин айрым тарыхчы агаларыбыз (мен ал агаларымды сыйлайм, бирок чындыкты айтыш парз) баш болушуп Президенттин тегин изилдеп Алматыдагы архивди казып отурушат. Андан башка жарытылуу иш жок.

Мына, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы деп какшап эле мактанабыз. Бирок так далилдер, фактылар, маалыматтар өтө аз. Манас эле Манас дейбиз, бирок Манастын прототибин таба албай ар кайсынын башын саймедиреп жүрөбүз. Албетте, кыргыз элинин кылымдар бою созулган улуу тарыхы бар. Бирок ошол тарыхты кагаз бетине жазууга аракет канчалык болуп жатат? Кыргыз каганаты жана анын башында турган Барсбек каган тууралуу тарых китептеринде болгону жарым барак маалымат табасың. 842-жылы Кытай императорунун чакыруусу менен аскер курап жардамга барып, азыркы Уйгурстандын аймагындагы Уйгур каганатын талкалаган аты белгисиз бир кыргыз аскер башы бар. Сыма Цзяндын жазууларында бул маалыматтар кеңири камтылган, бирок муну кызыгып изилдеген бир кыргыз жок. Бир нерсе десе акча жок деп алакан жайышат, бирок дүңгүрөтүп той бергенге акча табылат.

Аттуу-баштуу тарыхчыларыбыз Кытайдын архивиндеги байыркы жазмаларга барып жамбаштап жатып алып терең изилдеп казса көп маалымат чыгат. Президенттердин тегин эмес, элибиздин тегин изилдеш керек урматтуу тарыхчылар. Акаевдин убагында дагы анын тегин изилдеп бир топ убара тартышкан кошоматчы тарыхчылар бар болучу. Кийин Бакиевдин тегин иликтемей болушту эле, анысынан да дайын жок. Бир нерсе болсо “Кыргыз жер каймактаганда жаралган калк” деп ооз көптүрүп бери жагы эле 4-5 миң жылды айтабыз. Бирок колубузда бир ууч дагы маалымат жок.

Ал эми айрым коммунисттер болсо Кыргыздын тарыхы 1924-жылдан башталат деп да дөөрүп жүрүшөт. Кыскасы баш аламандык.

Бүгүн реалдуу алганда 19-кылымда кокту-колот болуп чабышып, бири-биринен тажаганда орустун этегине кире качкан жоругубуздан башка андан ары жыргаган деле тарых жазылган жок да.

Мындан тышкары учурда чек ара маселеси дайыма курчуп келатат. Бирок мунун негизги себеби эмнеден келип чыкканына эч ким кызыкпайт. Россияда 1930-жылдардын башында аймактык бүтүндүккө ээ болгон республикалардын карталары бар. Ошол карталарга барып, архивди ачып, Кыргызстан кайсы жерден каерге чейин чектешет деп кызыгып караган эч ким жок. Бакиев маалында Улуттук архивди башкарган Чолпонбек Абыкеев агабыз ошол кездеги бийликти жакалап атып араң дегенде 100 миң сом бөлдүрүп, карталарды бир ачтырган. Андан бери бул маселеге киришкен эч ким жок.

Кыргызстан медаль утпай калса куруп кетпейт. Бирок аймагын тарыта берсе куруп кетиши мүмкүн. Олимпиадага чачкан миллиондогон каражаттардын бир бөлүгүн архивди жакшыртууга жумшап койсок бул улуу иш болмок. Кошуналарыбыздын алдында сөзүбүз өйдө болмок. Аймагыбыздын бүтүндүгүн коргогонго жакшы болот эле.

Мейли, Кытайдын архивине барып, байыркы Кытай иероглифтерин окуганга тишибиз өтпөй жатса, жок дегенде Россиянын архивиндеги өзүбүздүн тарыхый, саясий мурастарыбызды ачып, алып келгенге аракет кылсак болбойбу? Кыскасы суроо көп.

Адилет Айтикеев, эмиграциядагы журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: