“Кээ бир депутаттар акча алмаштыруучу жайларды жабуу боюнча мыйзам долбоорун талкууга алып чыгышты. Бул Мыйзам долбоорун мен колдобойм”, – деп билдирди бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов.
“Биринчиден, элге ыңгайсыздык жаралып, банктарга кезек күтүү көбөйөт. Экинчиден, туристтерге ыңгайсыз. Үчүнчүдөн, бул кадам акча алмаштыруучу жайларда иштеп, өз арабасын өзү тартып жүргөн жарандарыбыздын нанын тартып алганга барабар болот. Коомдук талкууга чыккан Мыйзам долбооруна үн кошуңуз”, – деди депутат Алтынбек Сулайманов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ