Menu

Каныбек Осмоналиев, экс-депутат: “Баткен элинин талабын эске алып,  Жеңиш Разаков өз эрки менен кызмат ордунан кетсе болмок”

Бөлүшүү:

Экс-депутат, окумуштуу, профессор Каныбек Осмоналиевич менен чек ара, алтын кен маселеси, парламент, саясатчылар тууралуу маек курдук. Маегибизди учурда өзүнүн тегерегинде болуп жаткан кептерден баштадык.

– Каныбек Осмоналиевич, “Ата Мекен” партиясынын негиздөөчүлөрү – Өмүрбек Абдрахманов, Каныбек Осмоналиев баш болгон бир топ физиктер, кийин Өмүрбек Текебаев авторитардык механизмин көрсөткөн соң партиядан кетип калышыптыр”,-деген сөз жазылып, сиз жөнүндө кеп кетти. Аталган партияга канчалык тиешеңиз бар?

– (Күлүп) Өмүрбек Текебаев экөөбүз тең физик экенибиз ырас. Ал экөөбүз 1989-жылы Ош педагогикалык институтта чогуу иштегенбиз. Менин «Ата Мекен» партиясына эч кандай тиешем жок. Бул партияга түздөн-түз тиешем 1999-жылы болгон, аны ачык айтып коюшум керек. Ошол жылы ушул партиядан Өмүрбек Чиркешовичтин демилгеси менен Бишкек шаардык депутат болгом. Бирок, бул партияга мүчө болгон эмесмин. Активдүү жаран катары менин депутат болуп барышымды колдоп чыгышкан. “Ата Мекен” партиясынын төрөлүшүнө, жаралышына Өмүрбек Текебаевдин гана тиешеси бар, башка эч кимдин тиешеси жок. Бул партиянын негиздөөчүсү бир гана Текебаев, аны бардык Кыргызстандын жараны билет. Бул тарыхый факт.

– Ошондон бери Өмүрбек Чиркешович менен жакшы мамиледе келатасыз да?

– Ооба, мен аны танбайм, бүгүнкү күнгө чейин мамилебиз абдан жакшы. Бири-бирибизди сындаган да, кубаттаган да учур болот дегендей. Мен окумуштуу болгонум менен саясатка абдан активдүү аралашып жүргөн адамдарданмын. Ар бир саясий, тарыхый окуяларды абдан жакшы билем. Себеби, мен андай нерселерди күндөлүгүмө жаза жүрөм.  

– “Ата Мекен” партиясы Майрам Акаеванын демилгеси менен уюшулган” деген да кеп кетти. Мындай маалымат күндөлүгүңүздө жазылган жок беле?

– (Күлүп) Анда Майрам Акаева саясатты түшүнө элек, “сары ооз балапан” болчу да. Ал кийин эле 2005-жылы “кутуруп” кетпедиби… Ушундай маалыматты өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына жазган журналист Элнура Кулуева карындашым, жаштык кылып, бирөөдөн угуп жазып жатса керек деп эле кабыл алдым. Себеби, мен Элнура карындашым жазган маалымат менен өзүмдүн жазган күндөлүгүмдү салыштырып көрдүм. Күндөлүктү карасам, “Ата Мекен” партиясына Ак үйдүн да, Көк үйдүн да тиешеси жок. Дагы кайталайм, ал жалгыз Текебаевге гана тиешелүү, анткени, ал “ЭрК” партиясынын теңтөрагаларынын бири эле, кийин андан өзүнчө бөлүнүп чыгып, “Ата Мекен” партиясын түзүп кеткен. Муну экс-депутат Турсунбай Бакир уулу айтып эле жүрөт го. Азыр өлкөнүн тагдыры чечилип жатканда жалганды айтпай эле койсок жакшы болот эле.

– Сиз айткандай, өлкөнүн тагдыры татаалдашып бараткандай. Депутат Акылбек Жапаров айткандай, өлкөнүн экономикасын кара ташка такап кеткен экс-президент Алмазбек Атамбаев да. Ал кыргыз-тажик чек арасын да чечпей кетти. Дегеле бул маселе тээ Акаевдин учурунан бери эле чечилбей келатат. Мына, кечээ, 16-январда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселеси боюнча координациялык кеңешме Баткен шаарында болуп өттү. Эки тараптын жолугушуунун жыйынтыгында, протоколго кол коюлду, ага ылайык, Баткен районунун жана Исфара шаарынын ортосундагы айрым жер тилкелерин бирдей жер тилкелерине алмашуу боюнча макулдашылды. Мындай сунуштар иштелип жатканын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков ачык эле билдирди. Мындай макулдашуунун келечеги барбы, эртеңки күнү кандай болот деп ойлойсуз?

-Кыргыз-тажик чек ара жаңжалы кийинки учурларда өтө эле күчөп кетти. Келечеги кандай болоор экен?! Убагында, андагы президент Аскар Акаев эмне үчүн Баткен облусун түзө салды эле? Анын негизги максаты чек араны бекемдөө далалаты эмес беле? Сырттан моджахеддер басып киргенде, кокуйлап ошол чечимге барган. Анан эшеги ылайдан өткөндөн кийин тынчып калды. Кийин Баткендин көйгөйүн эстеп дагы коюшкан жок. Баткен эли бийликке ашкере берилген, сыйлаган эл экен. Чыдамдуулугун көрсөтүп көп деле түйшүк салбай жашап жүрүштү. Мына эми эки жылдан бери тажиктердин провокациясына чыдоонун чегине жетишти окшойт. Үн көтөрө башташты. Бир топ радикалдык талаптарга чейин жетип отурушат. Элде эмне айып? Күнү-түнү тыным жок, коогалаңдуу жашоону баштарынан кечирип отурушса. Облус түзүлгөндө эле аны өзгөчө экономикалык аймак статусуна киргизип, социалдык маселелерин ынанымдуу чечип келиш керек эле да. Андай болгон жок. Кайра карапайым элдин нааразычылыгын басуунун аракетинде жүрүшөт. Уят эле. Мен протоколдорду Интернет боюнча талкуусун көрдүм. Дегеле конкреттүү кадам жок. Маселени создуктуруп барып дагы унуттуруп кетишүүгө аракет кылып жатышкандай. Таң калаарлык! Биздин Өкмөт мүңкүрөбөй эле тең ата талаптарга өткөндүктөрү дурус. Чек араны жаап салууга чейин барышса болмок. Анан сүйлөшүүлөр башталат эле го. Андай жолго бара албай жатышкандыктары деле түшүнүктүү болуп калды, элге.

– “Конкреттүү кадамдарга бара албай жатканы үчүн” деп вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду кызматынан кетсин деп 15-январдагы чек ара боюнча митингге чыккан Баткен эли айтты, алардын алты талабынын ичинде да анын аты аталды. Элдин койгон талабы туура деп ойлойсузбу?

– Кечээ жакында Ак үйдүн алдындагы митингге чыккан Баткен элинин койгон талаптарынын баары туура. Анткени, эл өз баштарынан өтүп жаткан азаптын айынан ошого барышты. Кармалган 4 баланы тезинен бошотуп эле сурак иштерин жүргүзүшпөйбү? Чек арадагы чырдын азабын тартышканы аз келгенсип, эми камалып отурушат. Ушул дагы болобу? Бири-бирибизди бөтөн элдин алдында басынтканыбызды качан коёбуз? Президент өзү ойлоноор акыры! Тажиктер өзүлөрүнүн провокаторлору менен кандай иштеп жатышты болду экен? Маалымат барбы? Менимче, алардын саясаты өтө алысты мелжеп жаткандай туюлат. Болбосо эмне үчүн көшөкөрлүк менен эле чырды кайталап уюштуруп келишет?

Эми көптөн бери аты аталып келаткан Жеңиш Разаковго келсек, ал “Бетке айткан кептин заары жок” деген макалды туура түшүнөөр! Анын иштей албай жатканын эл баса белгилеп, бетине айтып жатат. А чынында, ал кризис-менеджерлик сапатын көргөзө албай келет. Менимче, Жеңиш Разаков өз эрки менен эле кызмат ордунан кетсе дурус болмок. Ал али жаш эле. Башка кызмат деле алаар. Президенттин өз кишиси го, акыры.

– Баткендин тургундары губернаторлукка Мамат Айбалаевди кайра кызматына коюп берүүнү көп жыл бийликтен сурап келишти. Ал эми экс-депутат Адахан Мадумаров чек арага алты Айбалаевди койсо да, ал маселе чечилбесин жана Айбалаев чек ара үчүн эмес, баласы менен кызын мамлекеттик кызматка жайгаштыруу үчүн гана жан үрөгөнүн айтты. Айбалаев боюнча кандай ойдосуз?

– Мамат Айбалаев убагында Баткенде иштеди. Жакшы иштеди деп айтышат. Ал жакка азыр жашыраак, чечкиндүү эле инсандардын барганы дурус болот го! Мен ушуга чейин Адахан Мадумаровдун жөн эле жерден бирөөнү каралап сүйлөгөнүн байкаган эмесмин. Анын дагы билгени болуш керек! Мекендин коопсуздугу үчүн күйүп жатканы көрүнүп эле турат го!

– Мекендин коопсуздугуна парламенттин күйбөгөнү көрүнүп калды. Бул маселени жабык эшик артында карап, сессияда болсо үстүртөн карап коюшту…

– Мен Жогорку Кеңешти мындан ары жаратман иш кылып жиберерине көзүм жетпейт. Эки жылдан бери эле айтып келем. Алардын бир эле максаты бар, ал максат – эптеп эле келерки чакырыкка илээшип алуу. Башка маселелер аларды бир тыйынчалык дагы кызыктырбайт. Азыр парламентибиз жок деп эле жашай бергенибиз оң!

– Ошол митингдин алдында, 14-январда Таластагы “Жерүй” алтын кени боюнча маселе да көтөрүлүп, тегерек стол болуп өттү, ага сиз да катыштыңыз. Анда кабыл алынган резолюцияга бийлик көңүл бураар бекен?  

– Ооба, мен Жерүй боюнча тегерек столго катышып, сөз сүйлөдүм. Резолюция абдан талаптуу жазылды. Эми аны ким угат? Бүдөмүк! Өлкөбүздүн үлүшү нөл болгондон кийин эмне деп айтуу керек? Бул элге болгон чыккынчылык. Башка сөз жок. Талас элинин чыныгы кыжыры кайнап келе жатканы байкалды. Ушундан көрө кендерди казууну кан буугандай токтотуш керек! Урпактар акылына келгенде иштетип алышаар! Анын пайдасын чет элдик мафиялык тутумдар менен 5-6 эле саткын кыргыз чиновниктери көргүдөй!

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: