Menu

Токойдо толгон түйшүк бар

Бөлүшүү:

Республикабыздын аймагындагы, ошондой эле Жалал-Абад областынын токойлору негизинен жаратылышты коргоочулар болуп саналып, учурда дүйнөлүк коомчулукту кабатыр кылган көйгөйлүү маселелердин бирден бири, бул – экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу менен токой экосистемаларын талапка ылайык сактоо болуп эсептелет.

Ошондуктан, мамлекеттик токой фондусунун аймагындагы токойлорду сактап калуу, калыбына келтирүү, өнүктүрүү  жана ирээттүү пайдалануу маселелерин жеткиликтүү деңгээлге көтөрүү башкармалыктын негизги саясаты экенин Жалал-Абад областык токой чарбасынын жумушчу, кызматкерлери жакшы түшүнүшөт.

Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын жалпы токой фондунун аянты  – 941236,7  га аянты түзүп, андан токой каптаган аянт 333476,5 га. Анын ичинен: ийне жалбырактуу токойлордун аянты – 67716,1 га; жазы жалбырактуу токойлордун аянты – 136529,7 га; бадалдардын аянты – 129230,7 га аянтты ээлейт.

Мамагенттиктин 29.12.2015-жылдагы №01-9/337 “Токой чарбаларга 2016-жылга өндүрүштүк тапшырма” буйругунун негизинде Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын мамлекеттик токой фондунун аймагында экме токойлорду отургузуу тапшырмасы 513 га аянтка бекитилген болсо, токой чарба кызматкерлери 1544 га аянтка ар түрдөгү көчөттөрдү отургузуп, план-тапшырманы 300 пайызга аткарышкан.

Экме токойлорду олтургузуу планы 2015-жылда аткарылбай калган план тапшырманы кошо аткаргандыктан жалпы башкармалыкка берилген тапшырма 3 эсеге ашыгы менен аткарылган.

Мурдагы жылдары эгилген көчөттөргө толуктоо жүргүзүү 1732,0 га аянтка пландаштырылып, 1732,6 га аянтка жүргүзүлүп, 304,5 миң даана көчөттөр отуругузулган жана 1360 кг үрөөн сарпталган.

Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдардагы туруктуу өнүгүү программасында “Жашыл долбоорду” ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык жер көчкүгө кооптуу деп аныкталган жерлерге эрозияга каршы отургузуу үчүн,  2016-жылы башкармалык боюнча  54,0 миң  даана ар кандай дарактардын көчөттөрү (суммасы 1 932,25 миң сом), 600,8 кг бадам  дарагынын ургу (суммасы 37,03 миң сом) берилип, облус боюнча 64 га аянт жерге отургузулган.

Башкармалыктын токой чарбалары тарабынан 3 (үч) тараптуу келишимдин негизинде 207104 даана ар түрдүү көчөттөр берилип, алардын өнүмдүүлүгү 73,8% түзгөн.

Башкармалык боюнча жалпысы  2016-жылы  341,4 миң  даана ар кандай дарактардын көчөттөрү 10366,3 миң сомго район, шаарларды, айыл аймактарды жана мекеме-ишканалардын айланаларын көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга берилген.

2016-жылы жалпысынан башкармалык боюнча 15,1 га аянтка көчөткана отургузуу пландаштырылган болсо, 23,8 га аянтка көчөткана себилди, анын ичинен урук  себүү бөлүмү план 9,45 га, аткарылганы 12,2 га, мектепче бөлүмү план 5,65 га, аткарылганы 11,65 га. Отчеттук кварталда өстүрүлгөн көчөттөрдүн саны күзгү санактын жыйынтыгы менен аныкталмакчы,  башкармалыкка 2016-жылга  берилген план тапшырма  – 2 млн. 850 миң даана ар кандай түрдөгү көчөттөр өстүрүлгөн.

Токойду токой зынкечтеринин көбөйүп кетишинин алдын алуу  жана сынган бутак-шактардан, кулап жыгылып жаткан сөнгөк- дөнгөчтөрдөн тазалоо (очистка леса от захламленности) максатында – 16231,6 га аянтан жалпысынан – 11211,9 м3 отун даярдалган.

Жалпысынан токой чарбасы иш-чараларды аткарууга 1207,05 миң сомдук жумуш аткаруу пландаштырылган болсо, факт жүзүндө 678,2 миң сомдук жумуштар аткарылган, анын ичинде: токой чарбалык жумуштарга план – 583,1 м.сом, факт 265,0 м.сом; биотехникалык иш-чараларга план – 623,95 м.сом, факт аткарылганы 413,15 м.сомду түзгөн.

Ар кайсы телекөрсөтүүлөрдөн 13 жолу, басылма каражаттарынан 7 жолу курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча  чагылдыруулар болду, 15-апрель 2016-жылы башкармалык  тарабынан “Таза экология – бул келечек” ураан алдында Жалал-Абад малекеттик университеттин студенттеринин катышуусунда жана донорлордун каржылоосу менен Жалал-Абад шаарында акция уюштурулду.

Башкармалыкка караштуу 20 токой чарба жана 7 өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары болуп 27 мекемени оперативдик айлык, кварталдык отчетторун алып, жыйынтыгы токой экосистемаларын жана өзгөчө коргоолуучу жаратылыш аймактары Департаментине жана Мамлекеттик агенттикке тапшырылып келди. Айрыкча бюджеттик жана атайын каражаттарынын сметалык чыгымдарынын аткарылышы, ошондой эле көмөкчү чарбалар боюнча план милдеттенмелердин аткарылышы боюнча отчетторун көрсөтүлгөн мөөнөттөрүндө өз убагында тапшырууга жетишкен.

10 ай аралыгында башкармалыкка жалпысынан 1504 корреспонденция келип түшкөн. Ошондой эле жеке жарандардан 86 арыз катталып, өз убагында арыз ээлерине жооп берилген.

Жалал-Абад областык токой чарба башкармалыгында 16 мамлекеттик, 4 кенже кызматкер, 5 эколог, 6 токой чарба инженери, 4 экономика жана башка тармактар боюнча адистер иштешет. Улуту боюнча 95 пайызы кыргыздар, 5 пайызы башка улуттун өкүлдөрү.

Токой чарбасынын ишинин жылдан жылга жакшырып барышына жетекчи Эрмеков Бакытбек Зулумбековичтин салымы зор экенин чарба кызматкерлери менен сүйлөшкөндө байкадым. Бакыт Зулумбекович 2007-жылы Бишкек шаарындагы Скрябин атындагы университеттин токой чарба бөлүмүн бүтүрүп, Арстанбап-Ата токой чарбасында катардагы токойчу болуп эмгек жолун баштаган, токой чарбасына тиешелүү кызматтардын бардык тепкичтерин басып өтүп, 2007-жылы аты аталган токой чарбасына директор болуп дайындалат.

Сүйлөгөн сөзүнүн ээси, иш билги, жетекчилер тарабынан берилген тапшырмаларды так жана өз учурунда аткарган, өзүнө тиешелүү ишти бир нукта, өз деңгээлинде алып кетүүгө көнгөн Бакытбек Зулумбекович тууралуу жетекчилер арасында жылуу сөздөр айтыла баштайт.

Ошентип, эмгегинен баар тапкан Б.Эрмеков 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын башчылыгына көтөрүлөт.

Бакытбек Зулумбекович бул жаңы кызматта аппарат кызматкерлери менен ийри олтуруп, түз кеңешүүдөн баштайт, кол алдында иштегендердин сөзүн угуп, сынды туура кабыл алат, жыйынтыгында дарегине бир ооз жаман сөз айттырбай же камчы салдырбай десек да туура болот, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келүүдө.

Эрмековдун жаратылышты коргоодо жана токой чарбасынын сакталышына, көбөйүшүнө кошкон зор салымы жетекчилер тарабынан жогору бааланып, 2010-жылы айлана чөйрөнү коргоо башкармалыгынын Ардак грамотасы, ошол эле жылы токой чарба тармагында 10 жыл иштегендиги үчүн Мамлекеттик агенттиктин төш белгиси, БУУнун Ардак грамотасы жана айлана чөйрөнү коргоонун мыктысы төш белгиси, Жалал-Абад областык мамлекеттик администрациясынын грамоталары менен сыйланган. 2015-жылы Жалал-Абад областык “Акыйкат” гезитинин “Жылдын мыктысы” наамына татыктуу болгон.

Бул башкармалыкта эмгектин алдыңкылары ондоп саналат. Алардын катарына бөлүм башчы Абдыразакова Людмила Пусурманкуловна, Арстанбап-Ата токой чарбасынын жетекчиси Пиназаров Кеңешбек, Аксы токой чарбасынын жетекчиси Жапаркулов Панарбек, токой коргоо жана сактоо станциясынын башкы энтомологу Ураимов Уланычбек, Кочкор-Ата токой чарбасынын жетекчиси Султанов Ташполот Мырзакасымовичтерди кошууга болот.

Жаратыштын көз жоосун алган кооз жерлеринде эс алып жүргөн учурда, ошол кооздук өзү эле жаралып калгандай сезилгени менен, ал токойлордо ополтоодой эмгек, түгөнбөгөн түйшүк бар экенин зирек инсан байкасы болот. Сөзүмдүн акырында ушул түгөнбөгөн түйшүк кызматын аркалаган токой кызматкерлеринин ишине ар дайым ийгилик болушун каалаймын.

Сагын Эшме, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: