Menu

Казакстанда кенчилердин жер алдындагы нааразычылык акциясы уланууда

Бөлүшүү:

Караганда облусунда «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын төрт шахтасында иштеген кенчилер менен сүйлөшүүлөр уланууда.

Маалыматтарга караганда, шахтачылар 11-декабрдан бери жер үстүнө чыкпай, нааразычылык билдиришүүдө. Алар айлык акынын көтөрүүнү талап кылып жатышат

Көмүрчүлөрдүн «Коргау» кесиптик бирикмесинин төрагасы Марат Миргаязов шахтадагы кенчилер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

«АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын 200дөй кенчиси түнкү нөөмөт бүткөндөн кийин 11-декабрь эртең менен шахтадан чыгуудан баш тарткан. Шахтерлордун негизги талабы – маянаны 100 пайызга жогорулатуу.

Шахтага ээлик кылган «АрселорМиттал Темиртау» компаниясы жумушчулардын акциясы мыйзамсыз экенин билдирүүдө. Алардын маалыматы боюнча төрт шахтанын жумушчуларынын жарымы сыртка чыгуудан баш тыртышкан. Калган шахталар штаттык режимде иштеп жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: