Menu

Алмаз Атамбаев чек ара маселелери боюнча кеңешме өткөрдү

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаев кечээ, 22-августта жумушчу кеңешме өткөрүп, чек ара кызматын чыңдоо жана чек ара маселелерин чечүү багытында Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы жана Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши, ошондой эле башка мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылып жаткан чаралар тууралуу  баяндамаларды укту. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Атамбаев тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринен чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана өлкөнүн чек арасын бекемдөө үчүн бардык зарыл болгон чараларды өз убагында жана сапаттуу аткарууну, чек ара маселелерин жөнгө салуу ишинде пайда болгон маселелерди биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен чечүүнү талап кылды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: