Menu

Германия, Франция жана Италия лидерлери ЕБ көйгөйлөрүн талкуулашты

Бөлүшүү:

Германия, Франция жана Италиянын лидерлери 22-августта Неаполдон алыс эмес жайгашкан Вентотене аралында жолугушту. Анда Ангела Меркель, Франсуа Олланд жана Маттео Ренци ЕБ өлкөлөрүндө «евроскептизм» маанайынын өсүп жатканын, миграциялык саясаттагы көйгөйлөр жана экономикалык кыйынчылыктар тууралуу сүйлөштү.

Журналисттер менен болгон жолугушууда Франсуа Олланд Европа улутчулдукка каршы бирдиктүү фронт катары чыгышы керектигин белгиледи. Маттео Ренци Евробиримдик коргоо, коопсуздук жана экономикалык өсүшкө байланыштуу маселелерди чечиши зарыл экенин айтып, негизги көңүлдү жаштардын жумушсуздугуна бурууга чакырды.

Жолугушууда Франсуа Олланд Европа улутчулдукка каршы «бирдиктүү фронт» менен чыгышы керектигин айтты.

Маттео Ренци ЕБ курамынан Улуу Британия чыккандан кийинки биримдиктин алдыдагы абалы тууралуу өз божомолдору менен бөлүштү. Анын айтымында, коргонуу, коопсуздук, экономикалык өсүү маселелерине, өзгөчө жаштар арасындагы жумушсуздук көйгөйүнө көбүрөөк көңүл буруу зарыл.

Вентотене аралы үч өлкө лидеринин жолугушуу жери катары өзүнүн тарыхый маанисине байланыштуу тандалган. Анда Экинчи дүйнөлүк согуш убагында “Вентотене манифести” жазылган. Бул манифесттин авторлору келечек муунду согуштардын алдын алуу үчүн бирдиктүү Европаны курууга чакырган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: