Menu

Кайрат Кыргыз: “Тартылып жаткан клибим дагы өзгөчө болот”

Бөлүшүү:

Акыркы учурда шоу-бизнестин катарына дагы бир өзгөчө стилдүү мырза кошулуп, анын образы кээ биринин кыжырына тийсе, кээ бири баалап, ар кандай сын-пикирлерди жаратып келет. Анын мурдагы башына ак калпак кийип, колунан комузун түшүрбөгөн Кайрат Салмакеев экени эч кимдин оюна келбесе керек.

–  Кайрат мырза,  ак калпагыңызды чечип,  чач өстүрүп,  Кайрат Кыргыз болуп чыгууңузга  эмне себеп болду?

– Мен дайыма изденүүнүн үстүндө жүргөндүктөн, ар дайым ар башка образда чыкканды жактырам. Ар бир концертке өзгөчө даярдык көрүп,   түрдүү  имидж,  макияж, форма менен чыкканды адатка айланттым.  Ошол себептен элдер Кайрат Салмакеев экенимди тааныбай калып жатышат да. Өзүмө болсо  азыркы образым жагат. Ал эми Кайрат Кыргыз болуп чыгуумдун себеби  мен көптөгөн эл аралык сынактарга катышып келем. Чет жерге чыкканда мени Кайрат Салмакеев деп эмес, Кайрат  Кыргызстан деп чакырат. Кыргыз экенимди билсин, таанытайын деген ой келип, ошондон келип чыккан идея.

–  Өзгөчө чачтуу, өзгөчө каштуу бул стилиңизди ким сунуштады?  Же атайын стилисттер менен иштешесизби?

–  Мен атайын стилисттер менен иштешпейм, өзүмдүн эле фантазиям күчөп кетти.  Бул образды жаратууда аранжировщик, композитор Эркин Мээрканов агайымдын салымы өтө  чоң. Жаңы көз караштагы жаңылык киргизүүгө агайым даярдады. Чачымды атайын стиль үчүн беш ай өстүргөм, кошулма чач эмес. Кашты образды толуктоо үчүн эле  чийдиргем,  Мен комплекссиз адамдардын катарына кирем. Эгерде мага бир нерсе жагып кала турган болсо, тартынбай эле жаккан нерсемди жасай берем. Азырынча кайсы бир убакытка чейин ушул образды карманам. Андан кийин дагы өзгөрүшүм мүмкүн.

–  Негизи канча клибиңиз бар эле? Аларга салыштырмалуу бул клибиңиз эмне үчүн талкуу жаратты деп ойлойсуз?

–  Буга чейин алты клибим бар эле, сөзү С. Бугубаевге, музыкасы Э.Мээркановго таандык болгон “ Жаштык кез” аттуу ырымдын клиби жетинчиси болду. Клиптеримдин баарын менин мугалимим Сагын Ниязалиева жана досторум тартышкан.  Мурунку ырларым фольклор жаатында болсо, мында эстрада менен фольклорду айкалыштырып, жаңы аранжировка, жаңы дух менен жаздык. Андан сырткары актёрдук чеберчилик,  сонун сүрөт,  өзгөч образ,  ошондой эле оператор жана режиссёрлор  – бардыгы жогорку деңгээлде иштешкен. Ошондуктан ушундай талкуу жаратып, популярдуу болуп жатат. Менин ар бир клибим бири-бирине окшошпойт. Мындан кийинки тартылып жаткан клибим дагы өзгөчө болот.

–  Чыгармачылык менен жүргөнүңүзгө канча болду?

–  Мен Шубин атындагы музыкалык мектепте, аны менен катар эле комуз жана вокалдан эмгек сиңирген артист Калыбек Жекшенов агайымдан сабак алгам. 2-классымдан баштап эле  Ашыраалы агайымды ээрчип сахнага чыккам. Ал эми 5-классымда Өзбекстанда өткөн сынакка катышкам. Улуттук консерваторияны бүткөнүмө 15жылдан ашты. Ушул убакытка чейин 40тан ушуун эл аралык конкурстарга  катышып, жакшы эле ийгиликтерди жаратып келдим. Маданияттын мыкты кызматкеринин ээсимин.

–   Ырчылыктан башка эмне менен алектенесиз?

–    Мен конкурстарга катышып эле койбостон, эл аралык фестивалдарды уюштуруп да келем. Беш жаштан жогорку балдарга комуз, вокалдан сабак берем. Ошол балдардын өзгөчө таланттууларын даярдап, эл аралык конкурстарга жиберип турам. Жакында эле  “Аманат” студиясынын балдары Казакстанда өткөн сынактан 1-орунду алып келишти. Бул менин эмгегимдин үзүрү.

–   Кайсы жактын кулуну болосуз?

–    Менин түбүм  Ысык-Көл  облусуна  караштуу  Жети-Өгүз районунан болот. Бирок Бишкек шаарында чоңоюп өстүм. Ал эми жеке жашоомо келе турган болсок, бул нерсе мага гана тиешелүү болгон соң  сыр эле болуп калсын.

–  Талантыңыз тубасабы?

–  Үйдө ырдагандар бар, ошентсе да  үнүмдү тарбиялап ордуна койгон, жөнөкөй тил менен айтканда, ырдаганды үйрөткөн профессор Улукмырза Полотов агайым.

Айгерим ТОКТОБАЙ кызы

Булак: Леди.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: