Menu

Андрей Малахов: “Кыргызстандыктар ушунчалык нааразы болот деп күткөн эмесмин”

Бөлүшүү:

«Россия 1» телеканалынын «Прямой эфир» ток-шоусунун алып баруучусу Андрей Малахов “StarHit” журналына маек берип жатып, анын сөзүнө кыргызстандыктар ушунчалык нааразы болоорун күтпөгөнүн айткан.

Кыргызстандыктар менин сөзүмө ушунчалык нааразы болот деп күткөн эмесмин. Менин берүүмдө жанчылган энени коргойлу, аны менен кошо баласы эмнеден өлгөнүн териштиргибиз келген. Мыйзам баарыбызга бирдей. Мен кыргыздарды, мен жакшы көргөн Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы менен гана эмес, мектепте сабак көргөн Семен Чуйковдун сүрөттөрү менен билем. Кыргызстандыктар менен болгон менин жеке жолугушууларым да мен үчүн чоң мааниге ээ. Менимче, мен журналисттик милдетимди гана аткардым. Ошондо биринчи жолу Татьяна Маругованын кейип-кепчиген сөздөрүн уктум, бирок, каргыш тийген окуянын күнөөкөрүн укпадым. Албетте, менин сөзүмдү кыргыздар туура эмес түшүнүп алышыптыр. Мен эч качан кошуналык мамилеге, тынч жашоого каршы болгон эмесмин. Мен ар дайым адилеттүүлүктү, сөз эркиндигин колдоп келгем”,- деген Малахов.

Эскерте кетсек, «Колбаса Королу» атыккан орусиялык миллиардер Владимир Маруговдун баласы Александр мотоцикл менен катуу ылдамдыкта келе жатып, кыргызстандык Исламбек Акбаровдун машинасына урунуп, оор жаракат алып, каза болгон. Жол кырсыкта болгон окуя боюнча, 24-сентябрда «Россия 1» телеканалынын «Прямой эфир» ток-шоусунун алып баруучусу Андрей Малахов эки тараптын адамдарын эфирге чакырган. Бирок, ал олигархтын үй-бүлөсүнө жан тартып, Исламбек Акбаровду адам өлтүрүүгө айыптап, кыргыздарды кемсинткен. Ал: “10 долларга иштеген кыргыздар 100 миң доллар берсе, бардык буюртманы аткарат”,– деп айткан болчу.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: