Түркмөн президенти Бердымухамедов 5-октябрда гольф багытында адистешкен америкалык «Никлаус Дизайн» компаниясынын башчысы Жек Никлаус менен жолукту. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдиришүүдө.
Сүйлөшүү учурунда Ашхабадда гольф-корт курулушунун долбоорунун алдыга жылдыруу жана спорттун бул түрү боюнча мелдештерди өткөрүүнүн келечеги талкууланды.
Президент Гурбангулы Бердымухамедовдун айтымында, бул дүйнөдөгү эң эле популярдуу спорттун бир түрү болуп эсептелет. Аны менен жаш куракка жана жылдын төрт мезгилине карабай машыкса болот. “Гольф – активдүү гана эмес ден соолук үчүн пайдалуу оюн. Ал кыймыл-аракеттин шайкештигин өнүктүрүп, ой жүгүртүүгө жана чыдамдуулукка үйрөтүп, организмди бекемдейт. Себеби оюн учурунда таза абада көп жүрүүгө туура келет”, -деди президент.
Өлкөдө түркмөн лидеринин көп кырлуу таланты туурасында жергиликтүү ММКлар байма-бай айтып турушат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ