Жамбыл аке бир күнү тамакка табити тартпагандыктан аялына жумуртка куурутуптур. Жумуртканы жегенден кийин колу жөн турбай ар нерсени кармалап, акырында төркү бөлмөгө кирип үй-бүлөлүк альбомду шашпай барактап отурган экен. Бир маалда аялынын жаш кезинде түшкөн сүрөтүн бир топко тиктеп:
– Жаным, бул жакка келсең,-деп жеңешаны жанына чакырыптыр.
– Минтип чакырчу эмес элең. Тынччылыкпы?-деген экен жеңебиз назданып.
Ошондо Жамбыл аке ордунан туруп жеңебиздин колунан кармап:
– Бүгүн эрте эле эс ала береличи,-дептир уктоочу бөлмөгө баргысы келип.
– Сен интернет менен алек болуп отуруп кеч жатчу элең го,-деп жеңебиз айтса ажыкыстанган Жамбыл аке:
– Кызыксың го… Жумуртка жегенден кийин “жумуш” жасаш керек да, —деп коёт имиш каткырып.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ