Menu

Ташкент мурдагы башкы прокурордун камалганын тастыктады

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыровдун камалганы тууралуу маалыматты тастыктады. Көзөмөл органдын маалыматы боюнча Кадыровго карата “опузалап алуу”, “кызмат абалынан кыянат пайдалануу”, “пара талап кылуу” беренелери боюнча айып тагылууда.

Көзөмөл органдын маалымат кызматынын өкүлү Вохид Шаропов 23-февралда “Кадыров камалган эмес жана ага карата тергөө иши жүргөн жок”, деп билдирген. Бирок 24-февралда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы расмий түрдө Рашид Кадыровдун камалганын жана ага каршы Кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча иш козголгонун маалымдады.

Өз булактар билдиргендей, 22-февралда Рашид Кадыровдун үйүндө тинтүү жүрүп, андан соң мурдагы башкы прокурордун колуна кишен салып алып кетишкен. Анын 42 жаштагы уулу Алишер Кадыров болжол менен он күн мурда өлкөдөн качып, из жашырганы белгилүү болгон.

66 жаштагы Рашид Кадыров мурда өзү жетектеп келген көзөмөл органдын имаратында суракка алынууда. Анын менен кошо дагы эки кишинин камалганы айтылууда.

66 жаштагы Кадыров бул жогорку кызматты 15 жыл жетектеп, 2015-жылдын апрель айында иштен алынган.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: