Menu

Казактар кыргыз депутатын аткезчилик менен кармап, бизге койгон доосун тастыктап койду

Бөлүшүү:

Өткөн ишембиде Казакстандын Башкы прокуратурасы “Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облусттарында жана Алматы шаарында 15–16-февраль күндөрү жүргүзүлгөн ири масштабдагы атайын операцияда 35 адам кармалгандыгын, алардын төртөөсү Кыргызстандын жарандары, арасында бирөөсү депутат экендиги тууралуу расмий маалымат таратканда, алгач кыргыз бийлиги да, коомчулугу да бул жаңылыкка анча көңүл бурган эмес.

Бул иш чара боюнча кошуна өлкөнүн көзөмөл органынын пресс-катчысы видео аркылуу жасаган билдирүүдө кармалгандардан алынган ири суммадагы казак теңгеси менен пачкалаган АКШ долларлары да кошо көрсөтүлдү. Ал валюталар чек арадан көптөн бери калыптанып калган схема менен Кытайдан ташылган товарларды аткезчилик жол менен алып өтүү үчүн Казакстандын бажы жана чек ара кызматтарынын тиешелүү жетекчилерине пара катары берилгендиги белгилүү болду. Аткезчилик товарлар Казакстандын аймагына түз да, Кыргызстан аркылуу да киргизилип турган экен. Бирок ал кандай товар экендиги, көлөмү тууралуу маалымат берилген жок. Кандай болгондо да бул далил буюмдар ири өлчөмдөгү товарлар аткезчилик жол менен ташылып тургандыгын далилдеп турат.

Эртеси күнү, 17-февралда ал кармалгандардын бири Парламенттин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги айтыла баштаганда кыргыз коомчулугу дүрбөлөңгө түшүп, Тышкы иштер министрлиги Казакстанга нота жиберип, ал жактан тастыкталган расмий жооп келгенде гана толук ишене баштадык. Аталган депутат Кыргызстандын күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти да болуп саналат. Жакында эле анын өзбекстандык кримтөбөл аталган Салимбай “байбача” менен түшкөн сүрөттөрү интернетке чыгып, кызуу талкууга алынып жатканда бул окуясы ачыкка чыгып отурат.

Ошол чек арадан аткезчилик жол менен товар алып өтүүгө тиешеси бар уюшкан кылмыштуу топту кармоого каршы жүргүзүлгөн операция учурунда кармалган 35 адамдын төртөөсү кыргызстандык болуп чыгып, кийин бирөөсү бошотулгандыгы такталды. Алардын баардыгы эки айга камакка алынды. Эми булардын күнөөсү канчалык деңгээлде аныкталып, айып тагыларын күтө туралы.

Ал арада “Чыга турган көз эле, чыгып кетти өзү эле”, — ​демекчи, Кыргызстандын бийлиги менен парламенти бир тарапка, эл менен жарандык активисттер экинчи тарапка бөлүнүп, бул окуяга карама-каршы пикирлерин айтышууда. Алгач Дамирбек Асылбек уулуна мандат берген “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары окуянын чоо-жайы такталмайынча кандайдыр билдирүү жасоодон карманып турушкандыгын, “Ал мындай ишке барбаш керек эле, чай ичишип жүргөнбүз…” — ​дешип, чай деңгээлине түшүп кетишти. ЖК спикери болсо бул ишке кийлигишпей тургандыгын пресс-катчысы аркылуу айтып, өзүн балээден ала качты. ТИМ болсо тим турбай, Алматыдагы Кыргызстандын консулдугу кармалган жарандарыбызга баардык укуктук жардамдарды көрсөтө тургандыгын шардана кылып күйпөлөктөп жиберди. Ооба, бул чет өлкөлөрдөгү дипломаттардын түздөн-түз милдети. Бирок учурда бир эле Казакстанда эмес, Россия жана башка мамлекеттерде укугу кордолуп, элчилик менен консулдуктардан жок дегенде юридикалык консультация ала албай, мекеменин короосуна жакын жолой албаган миңдеген мигранттардын абалын көрүп туруп, булардын жеке өздөрүнүн гана креслосу үчүн күйпөлөктөй баштаган эки жүздүүлүгүнө кыжырың келет экен.

Бирок жарандык коомдун өкүлдөрү болсо казак тарап депутаттын ысымы аталган ишти дыкат иликтеп, ачык-айкын маалымат таратышы керек деген талапты коё башташты. Себеби өлкөбүздөгү биринчи бийлик болгон парламенттин депутатынын кошуна өлкөдө аткезчилик жана кылмыштуулукка шектелип кармалышы Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги аброюна оңбогондой шек келтирүүдө. Баарынан да бул окуя, депутаттын шектүү иштер менен чет өлкөдө кармалышы өлкөбүздүн тарыхында биринчи ирет болууда.

Эгер эсиңиздерде болсо, өткөн жылы күзүндө экс-президент А. Атамбаев кокусунан балп этме адаты кармап кетиппи же кандайдыр бир таасирден… уламбы кетер алдында Казакстандын бийлигин, Н. Назарбаевди президенттикке талапкер Ө. Бабановду кабыл алып койгондугу үчүн теригип катуу сындаган болчу. Ал сөздөрүн бир айтып бир койбой, эки айтып эки койбой, ошол учурда сыйлык, наамдарды пирожкидей тараткан иш чараларда студенттерге да, маданият, өнөржай кызматкерлерине да улам-улам айтып, кошуна өлкөнүн бийлиги элин “сызга отургузгандыгын”, Казакстанды таза кандуу казактар эмес, чингизиддер башкарып аткандыгына чейин айтып бапылдабады беле. Ошондо Ак Ордо адатынча чек арасын жаап, күркүрөгөн күздө Казакстан менен Россияга жер-жемишин ташып жаткан дыйкан, фермерлерибизди чындап сызга отургузушту. Бирок казак тарап мындай кадамын Кытайдан Кыргызстан аркылуу ири суммада аткезчилик товарлар өтүп жаткандыгы менен түшүндүргөн.

Кыргыз тарап ал айыптоолорду адатынча моюнга албай, премьер-министр С. Исаков ЕАЭБдин саммитинде казак өкмөт башчысы менен кайым айтышып, кийин Ак Ордого жоон топ министрлери менен баргандыгынан да майнап чыккан эмес. Россия болсо эки бир тууган мамлекеттин ишине кийлигишпей, ич ара чечип алгыла дегендей түр көрсөтүп койгон. Ал тургай эки өлкө тең мүчө болгон Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кайрылуу жасалып, кыргыз өкмөтү эл аралык сотко беребиз деп барып токтогон. Кырдаал жаңы президент С. Жээнбеков такка отуруп, казак элбасы менен элдешкенден кийин гана калыбына келгенсиди. Мындан тышкары да эки жыл мурда Беларусь президенти А. Лукашенко кайсы бир мамлекет башчыларынын жыйынында Кыргызстан аркылуу Кытайдан өтө ири көлөмдөгү аткезчилик жүктөр ташылып, бүтүндөй ЕАЭБдин экономикасы үчүн оңбогондой зыян келтирип жаткандыгын айтканы бар.

Албетте, бул атайын операциянын алкагындагы кармоо болгондон кийин Казакстандын тиешелүү кызматы шектүүлөр арасында кыргызстандык депутат бар экенин алдын-ала билген. Андыктан аларды кармоо алдын-ала пландалып жасалган. Эл аралык мамиле, ноталар болорун да алдын-ала билишип, ага жообун да даярдап коюшкандыгы жогорудагы видео аркылуу көрсөтүлгөн тасмалардан көрүнүп турат.

Демек, казак бийлигинин мындай операциясы өз аймагындагы трансулуттук аткезчиликке каршы күрөшүүдөн сырткары былтыр күзүндө кыргыз тарапка койгон дооматын эл аралык коомчулукка далилдөө аракети да болушу мүмкүн. Кандай болгон учурда да алар Кыргызстандын парламент депутатынын жүзүн ачып койду…

Эмилбек Момунов

Булак: Жаңы Ордо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: