Menu

Төрөкан Жунусбеков вице-мэр Алмаз Бакетаевди коркуткандыгын четке кагууда

Бөлүшүү:

Кыргызстандын патриоттору Бишкек шаарынын мэри кызмат ордуна Нариман Түлеевдин талапкерлиги менен макул болгон жок. Бул тууралуу Төрөкан Жунусбеков өзү маалымат жыйынында билдирди.

Ал Нариман Түлеев коррупциялык кылмыш үчүн соттолгонун түшүндүрдү. Азиз Суракматовдун кызматтан кетиши жана кызмат ордун Түлеевге өткөрүп берүү, мэр кызматына талапкердин ою боюнча, контрреволюция.

Төрөкан Жунусбеков вице-мэр Алмаз Бакетаевди коркуткандыгын четке кагууда. Ал чындыгында расмий адам менен жолугушуу жана сүйлөшүү болгонун тастыктады. Бирок, эмне талкууланды, ал боюнча сөз сүйлөгөн жок.

Эскерте кетсек, Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан кетти. Буга чейин Азиз Суракматов кызматтан кеткен. Суракматов экс-мэр Нариман Түлеевди биринчи вице-мэрлик кызматка дайындаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: