Menu

Парламенттеги көмүр барону ким? Же Бишкек ТЭЦине 60 миң тонна көмүрдү Жогорку Кеңештин депутатынын компаниясы алып келет

Бөлүшүү:

Коррупция жыттанабы…

2015-жылдын 4-октябрында, Жогорку Кеңешке шайлоо болор алдында айрым талапкерлер кээ бир саясий бирикмелердин кассаларына “ыктыярдуу-мажбурланган” түрдө 500 миңден 1 млн АКШ долларына чейин төлөп беришип, тизмедеги алдыңкы он орунга илинип, парламентке жетүүгө аракет кылышкан. Эми 4 жылдан бери КР ЖК депутаттары өкмөттүк чиновниктерди жана мамлекеттик ишканалардын жетекчилерин “терроризировать этишип, шантаж кылышып”, мамлекеттик,  республикалык бюджеттен “ошол акчаларын”, кайра өндүрүп алууга аракет кылып келе жатышат. Алар “партиялык взносторун” эбак эле кайрып алышкан, азыркы кезде ошол мыйзамсыз каражаттарды “саап, туудуруп алууга” далалат кылышып, кийинки “кылмыштуу” баюу аракетин көрүшүп, алдыда келе жаткан 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоолорго акча взносун камдап жатышат.

КР ЖК көп депутаттары эми өз балдарын Кыргызстандын эң жогорку мыйзам чыгаруучу органына даярдашууда, аларды райондук жана шаардык кеңештерден “окуудан” өткөрүп алышкан. Кээ бир парламентарийлер өз активдерин жакын туугандарына жазып салышса да, а факт жүзүндө өздөрү чыныгы учредительдер жана кожоюндар болушкандыктан, ошолор менен биргелешкен көптөгөн компанияларда чогуу иш алып барышат.

КР Өкмөтүнүн № 210 “КР калкын жана экономикасын 2019–2020-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жөнүндө” 2019-жылдын 2-майындагы токтомуна ылайык, ОАО (Ачык Акционердик Коом) “Электрические станции” Улуттук энергохолдингге Бишкек шаарынын ТЭЦине 60,0 миң. тонна “ДСШ” маркасында кыргызстандык көмүрдү сатып алуу тапшырмасы берилген. ОАО “Электрические станции” 2019-жылдын 1-августтагы № 305 буйругу менен конкурстук комиссия түзүп, 60 миң тонна “ДСШ” маркасындагы көмүрдү 171 млн сомго сатып алууну чечет. Комиссиянын курамындагы 6 адамдын 5өө начальниктер жана алардын бөлүм башчылардын орунбасарлары, Бишкек ТЭЦинин башкы офисинин инженерлери болушкан. 2019-жылдын 2-августунда комиссия конкурстук документацияны иштеп чыгып, сунуш кылат. Комиссиянын мүчөсү Р. Умбеталиевдин техникалык адистештирүүнү өзгөртүү боюнча сунуштарын — учуп чыгуучу заттарды 40%дан ашырбоо жана күйүп кетүү жылуулугунун темпин азайтуу — 4700 ккал/кг. төмөн болбошу керек дегендерин— комиссиянын мүчөлөрү жана СРЭТТО менен мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү боюнча жетекчилер колдоого алышат. КР мамлекеттик стандартына ылайык, “ДСШ”маркасындагы таш көмүрдүн күйүп кетүү жылуулугу 4700 ккал/кг. деп аныкталган.

ОАО “Электрические станции” туура үч ай өткөн соң, б. а. 2019-жылдын 2 августунда 60 миң тонна “ДСШ” маркасындагы көмүрдү “Мамлекеттик сатып алуулар” порталы аркылуу сатып алууну уюштуруу тууралуу маалымат жарыялаган.

2019-жылдын 26 августунда 10:04:31 секунда болгондо конкурска келип түшкөн арыздарды кароо башталып, электрондук варианттар ачылат. Конкурска катышууга эки компания арыз беришкен. Бири кыргызстандык компания –ОсОО “Тегене” жана дагы бир казакстандык фирма ТОО “COMCO Marketing KZ”. ОсОО “Тегене” соңку 5–7 жылдан бери Бишкек шаарынын ТЭЦине “ДСШ” маркасында көмүрдү ташып келүүгө “жасалма” монополист болуп алган. Казакстандык компания ТОО “COMCO Marketing KZ” дагы Бишкек шаарынын ТЭЦине 400,0 миң тонна “Д”, “ДГ”, “Г” маркасындагы көмүрлөрдү алып келүү боюнча конкурска катышкан.

Конкурстук комиссия конкурстук арыздарды четке кагуу чечимин кабыл алат: ОсОО “Тегене”- 2019-жылдын 27 майындагы № 43-А сыноо протоколунда таш көмүрдүн күйүп кетүү жылуулугунун төмөнкүсү 4530 ккал/кг. деп аныкталган.

ТОО “COMCO Marketing KZ”- 2019-жылдын 18 июлундагы № 213 сыноо протоколунда учуп чыгуучу заттардын көлөмү 44,1% деп көрсөтүлгөн. Ошондуктан, комиссия конкурс өтпөй калды деп эсептеген.

2019-жылдын 9 сентябрында ОАО “Электрические станциинин” буйругуна ылайык, конкурстук комиссия мурунку курамында кайра түзүлүп, бирок ага ТЭК көзкарандысыз эксперти Р. Умбеталиев кирбей калган.

Баягы эле ОАО “Электрические станции” жана Бишкек ТЭЦинин кызматкерлеринен куралган комиссия мүчөлөрү көмүрдүн күйүп кетүү жылуулугунун төмөнкү деңгээлин 4100 ккал/кг. деп чечим кабыл алышкан.

Конкурстук комиссия КР мамлекеттик стандартын орой бузган.

Ошол эле күнү сатып алуучу мекеме мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу, 60 миң тонна “ДСШ” маркасындагы көмүрдү 171 млн сомго сатып алуу боюнча конкурсту кайра өткөрүү тууралуу жарыялайт.

ОАО “Электрические станциинин” Генералдык директору Таалайбек Толубаев: “КР ЖК бир депутаты ОсОО “Тегене” аффилирлешип алгандыктан, өкмөттүк чиновниктерге дайыма кысым көрсөтүп, көмүрдүн күйүп кетүү жылуулугунун төмөнкү деңгээлин 4100 ккал/кг. чейин түшүргүлө деп жатат, — деп бир нече ирет айткан болчу.

2019-жылдын 30 сентябрында конкурска түшкөн арыздар ачылды. Кайра өткөрүлгөн конкурста биринчи жолку конкурстагыдай эле: кыргызстандык компания –ОсОО “Тегене” жана дагы бир казакстандык фирма ТОО “COMCO Marketing KZ” катышышкан. Бир этаптуу, эки пакеттүү мамлекеттик сатып алуу ыкмасы колдонулат, импорттолгон Д, ДГ, Г, маркаларындагы көмүрдү 1 млрд. 42- млн сомдук суммага, Бишкек ТЭЦине 400 тыс. тоннага сатып алгандай эле ыкма колдонулат. Конкурстук комиссия жана ОАО “Электрические станции” жетекчилиги кыргыз компаниясы –ОсОО “Тегененин” пайдасына чечим кабыл алат.

Биринчиден, бул көмүр ташуучунун кызыкчылыгын колдошкондор КР ЖК депутаты жана өкмөт чиновниктери болушкан.

Экинчиден, —конкурстук комиссия күйүүнүн жылуулугунун төмөнкү деңгээлин 4700 дөн 4100 ккал/кг. чейин атайылап ылдый түшүрүшүп, ОсОО “Тегене” үчүн жасашкан.

Үчүнчүдөн, өкмөт токтомунда 60 миң тонна кыргыз көмүрүн сатып алуу көрсөтүлгөн.

КР өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы Токтомунун № 12-тиркемесиндеги көмүр сатып алуу боюнча бөлүктө айрым техникалык каталар орун алып, сатып алуудагы аткарылгыс мөөнөттөр көрсөтүлгөн. Башкача айтканда, мында “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамы орой бузулган. Тагыраак айтканда: “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамынын 3 беренесине ылайык, товарлар импорттук жана кыргызстандык деп бөлүнбөйт, ал эгерде сатылып алынып жаткан продукциялар окшош болсо, өзүнчө лотко бөлүнбөйт. Кыргызстан ЕАЭС мүчөсү болгондуктан, конкурска катышуу үчүн ЕАЭСке кирген мамлекеттердин компаниялары үчүн токоолдуктар болбош керектиги каралган.

Ал эми кыргыз өкмөтүнүн чиновниктери жана КР парламентинин депутаттары үчүн экономикалык мыйзамдар жана сөзсүз аткарылуучу жоболор эч тоскоолдук да, көрсөтмө да боло алышпайт. Мындай учурларда олигархиялык закондор иштеп кетип, өздөрү эптеп байыш үчүн Кыргызстандын элин карактай башташат. Андан соң, Кыргызстан ЕАЭСке киришкен башка өлкөлөрдүн катышуучулары өздөрүнө алган милдеттерин аткарбай жатышат деп даттанып, арыздана баштайт.

Расул Умбеталиев, коомдук ишмер

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: