“Президент Сооронбай Шарипович Сот реформасы боюнча кеңештин жыйынында кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кетти деген түшүнүктү такыр эле жоюп салуу маселеси жакынкы мезгилде каралат деп айтты. Бул эмнени түшундүрөт? Демек кылмышка шектелген адам күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке келтирген чыгымды толук төлөп бермейинче ал адам кылмыш жоопкерчилигинен бошотулбайт. Ал эми “коррупция” беренеси боюнча өткөн бардык кылмыштарга жоопкерчилик мөөнөтү өтүп кетти деген түшүнүк болбойт”, – деп билдирди бүгүн, 31-майда КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев журналисттердин Мелис Мырзакматов жана Өмүрбек Бабанов тууралу суроосуна жооп берип жатып.
“Ошондуктан эгер Мырзакматов менен Бабановдун күнөөлөрү далилдене турган болсо алар жоопкерчиликке тартылышат. Эртеби кечпи алар баары бир кармалат, эгер алар күнөөлүү деп табыла турган болсо аларды Кыргызстанга жеткирип беришет. Мен муну ишенимдүү айта алам, анткени Кыргызстан эл аралык мамилелердин алкагында кылмыш иштери боюнча өз ара жардам көрсөтүү көп тараптуу келишимдерге кол койгон. Ошондуктан бул келишимдерге кол койгон ар бир мамлекет аларды Кыргызстанга жеткирип берүүгө кызыкдар болот”, – деди Дамир Сагынбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ