Кечээ, 31-майда Бишкектин Бөкөнбаев көчөсүндө МАИчинин токтотконуна нааразы болуп, анын үстүнө машинасын салып жиберген “Лексус-570” джип унаасынын айдоочусу КР Жогорку Кеңешиндеги “Ата-Мекен” фракциясынын 5-чакырылыштагы депутаты жана азыр 6-чакырылышка да тизмеге кирген аксакал Ташполот Балтабаевдин кызы Нургүл Балтабаева болуп чыкты.
Андан сырткары Балтабаева Нургүл Ташполотовна КР ИИМинин Маң заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын экс-начальниги Алымжан Козубаевдин жубайы экендиги аныкталды.
Милиция Нургүл Балтабаеванын үстүнөн КР Кылмыш-жаза кодексинин 341-бийлик өкүлүнө каршы күч колдонуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, азыр ишти тергеп жатат.
https://www.youtube.com/watch?v=8cHXtsxV5hY
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ