Menu

Тажикстанда жаңы төрөгөн аялдын өлүмү иликтенет

Бөлүшүү:

Тажикстанда прокуратура 16-июлда Файзабад шаарында төрөт учурунда кайтыш болгон 30 жаштагы келиндин өлүмүн иликтөөдө.

Маркум Фарида Шарифованын туугандары келин төрөтканага өз толгоосу менен барганын айтышып, ал дарыгерлерин шалаакылыгынан каза болду деп эсептешет. Алар бул окуяны терең иликтөөгө көмөктөшүүнү сурап, президентке жана Саламаттык сактоо министрлигине кат жазышты.

Фариданын тууганы Зубайда Шарифова дарыгерлер келинге толгоону ылдамдата турган «окситоцин» препаратын сайганын билдирүүдө.

Бул версияны акушер четке кагып, эне жана баланын өмүрүн сактап калуу үчүн бардык аракеттер көрүлгөнүн айтууда.

Акушер Шаркия Мирзоеванын билдиришинче, Фарида жүрөк оорусунан улам өлгөн.

Тажикстандын Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги эгер маркумдун туугандары өлүмдүн чыныгы себебин билүүнү кааласа, сөөктү соттук-медициналык экспертизага берүү зарылдыгын маалымдады.

Келиндин баласын да сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Тажикс

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: