Menu

Кызматтан алынган Ала-Бука аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Бишкектен барган комиссияны коноктоп, кой сойгон

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков жана облустук медициналык штабдын башчысынын орун басары Урматбек Боржиевдин онлайн-брифинг учурунда Ала-Бука районундагы ооруканада обсервацияда жаткан дарыгер кайрылып, Ала-Бука аймактык ооруканасынын кызматтан бошотулган башкы дарыгери Бишкектен келген комиссиянын мүчөлөрүнө кой сойуп, аларды коноктогонун билдирди.

“Райондук оорукананын жетекчиси кызматтан алышканы туура болду. Бизге эч кандай коргоочу каражаттар берилбей, ошол директордун кайдыгер мамилесинен 5 врач вирус жуктуруп алганын жакшы билесиздер. Кечээ күнү Бишкектен келген атайын комиссия обсервацияда жаткандардын пикирин укпай, мурунку директор аларга кой союп, сыйлап жөнөтүптүр. Демек, бизге маалым болгондой, комиссиянын бүтүмү бир тараптуу болуп, мурунку жетекчи кайрадан кызматына келет. Биздин анализдерибиздин жыйынтыктарын дагы эле ала албай жатабыз. Бизден кабар алган дагы жак жок. Тамак-аш болсо тоюмсуз, желим идиштерде келет. Биз эч кимге керексиз болуп калдыкпы? Эгерде комиссия мурунку жетекчини ордуна алып келе турган келсе, муну туура эмес чечим катары эсептеп, обсервациядан чыккандан кийин тийиштүү жактарга кайрадан кайрылабыз. Облус тараптан буга кандай реакция болот?” – деп жазган дарыгерлер.

“Бул боюнча министрликтен жана республикалык штабдан реакция болуп, Ала-Бука райондук оорукананын башкы дарыгери кызматтан алынган. Азыр атайын комиссия кызматтык иликтөө жүргүзүп кетишти. Комиссиянын курамында күчтүү эл аралык адистер бар. Азырынча алардын чыгарган корутундусу тууралуу бизде маалымат жок. Ал тиешелүү министрликтин көзөмөлүндө. Сиз айткан фактылар бар болсо, ал боюнча мыйзам чегинде иш-чаралар жүргүзүлөт. Бирок, обсервацияда ачка калды, тамак-аш жок деген маалымат туура эмес.. Оорукананын эсебинен бир күндө ар бир бейтапка 370 сомго тамак-аш берилет” – деп билдирди облустук медициналык штабдын башчысынын орун басары Урматбек Боржиев.

Белгилей кетсек, Ала-Бука райондук ооруканасынын башкы дарыгери медициналык кызматкерлердин коопсуздугуна тийиштүү деңгээлде иш алып барбагандыгы үчүн айыпталып,  КР Саламаттык сактоо министрлигине башкы дарыгерге карата ички иликтөө дайындалган.

Булак: KyrgyzToday.kg    

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: