Menu

Министр Исакуновага суроолорубуз бар

Бөлүшүү:

Социалдык жактан өнүктүрүү министрине карата коомчулукта бир катар башы ачылбаган суроолор көбөйүүдө. Алардын баарын такnап, өзү менен баарлашуу аракетибизден бир жылдан бери майнап чыкпады. Эмесе, биз министр айымга бир катар соболдорубузду узатып көрөлү. Эрки жетсе үн катаар. «Bothendsbelieving» аталышындагы АКШнын эл аралык уюму (жеткинчектерди асырап алуу жана балдар маселеси менен иш алып барган) 2017-жылдын 5-ноябрынан 10-ноябрына чейин океандын ары жагынан «Балдарды асыроо жана балдар маселелери» аттуу темада симпозиум өткөргөн. Аталган симпозиумга өлкөбүздүн эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрине жана министрликтин кызматкерлеринен төрт адамга чакыруу келгендиги тар чөйрөгө маалым. Бул иш боюнча министр Исакунова өкмөт башчы Сапар Исаковго АКШга барып келүү боюнча официалдуу уруксат сурап, премьер-министр уруксат бербей койгонуна карабай ээнбаштанып, акыры өзүнүн күйөөсүн жана баласын, ага кошуп министрликтин үч кызматкерин алып барып келгендиги ыраспы? Булардын АКШга барып келген каражатын ким төлөп берди? Бул иш боюнча министр Исакунова ТИМ менен макулдашканбы? Ал жакка барьш, кыргыз балдарын Америкага асыроо боюнча иштер сүйлөшүлгөнбү?

Эмесе, биз азырынча ушундай суроо­лорубуз менен токтой туралы. Маалымат каражаттарына тыңгылыктуу ооз ачканга жарабаган министр айым бул сапар ушул өңдүү иштерге жооп узатканга жараса, аны да тыңдап көрөрбүз. Болбосо, дагынкысы дагы болоор…

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: