Нарынга Жээнбеков келет деп түнү менен жолго кум төгүп таптап чыгышты
Кошоматчылыкка дабаа жок окшойт, тим эле каныбызга сиңип калгандай…Чоңдор келатса таманын жалагандай болушат. Кечээ эле шайлоодо элим менен деп күпүлдөп жааткан президент Сооронбай Жээнбеков өзү да билбей кошоматчылардын тузагына илинип келет. Мисалга, Нарын жакка аттанмай болуп калса,шайтан куугансып, унутта калган Чаек-Кочкор унаа жолуна күнү-түнү кум төгүшүп, деле чарчоону билишпей “күрдөөлдүү” эмгектенип ийишти. У-ре! Кыргыз чоңдорунда бет деген калбаса деле керек деп ойлоп калдык. Анткени, ошол жол Жээнбеков үчүн курулган эмес да. Эл үчүн. Демек, аны ажо келген-келбегенине карап тазалап туруу милдет го. Жумгал оодандык №24 тейлөө мекемесинин жетекчилигине “даңк” жана “дүңк!” Мүмкүн ажо анын жетекчисине “Кыргыз Эл баатырын” берер.. Түнү менен уктабай, “иштеди”, тагыраагы “иштетти. И-и-, президент үчүн…уйкудан калды…
Булак: Кабар
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ