Menu

Корейлердин чалдары кыргыз кыздарын алышууда

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеш 2012-жылдын 16-майында чет өлкөгө турмуш курууга чакырган нике агенттиктердин жарнамаларын, кулактандырууларын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого тыюу салган токтом кабыл алган. Ага нике агенттиктери аркылуу чет өлкөгө турмушка чыккандардын көбү зомбулукка кабылып, “бактысыз болууда” -деген жүйөөлөр негиз болгон.

Аталган токтомду кабыл алгандан кийин нике агенттиктердин жарнамалары ЖМКлардан жок болуп кеткен. Бирок, азыркы учурда бул жарнамалар интернет аркылуу жарыяланып, чет өлкөгө турмушка чыгуу азгырыктарынын аягы суубай келет. Гезитке материал даярдоо үчүн атайы интернеттеги нике агенттигинин биринин байланыш номурун терип, Кореяга күйөөгө чыгуу тууралуу оюбузду айтсак, дароо эле шаардагы кафелердин бирине чакырды. Белгиленген саатта айткан жерине бардык. Бизди корей улутундагы орто жаштагы аял жадырап жайнап тосуп алды. Өзүн тааныштыргандан кийин Түштүк Кореянын экономикасы кандай өнүккөндүгүн, корей жигиттеринин билимдүү жана акчалуу келишерин баса белгилеп айтты. Биз “канча жаштагы корей жигитке турмушка чыгабыз?” – деп сураганыбызда, ал буларды белгиледи “келечекте күйөө бала болуучу жигиттердин жашы 35 жаштан 45 жашка чейин. Алар бул жашка чейин талыкпай билим алып, иштеп жүрүп үйлөнбөй калышат. Жакында эле бир кыргыз кыз 70 жаштагы кишиге турмушка чыкты. Корей жигиттердин жаш курагы өйдө болгону менен абдан жаш көрүнүшөт”. Бул ортомчу “жеңеге” көпчүлүк кыргыз кыздар корей жигиттеринин байлыгына кызыгып келишет экен. Анын айтуусунда 10 жылдан бери ушул багытта иштеп, 600гө жакын кыргыз кыздарын Кореяга турмушка узатыптыр. Бир сааттай лекция окуган бул “жеңе”, акыры бизди дагы корей жигитине турмушка чыгуубузду сунуш кылды.

2015-жылы Бишкектеги “Бакыт” өргөөсүнөн үч миңге жакын жаш жубайлар ак никеге турушкан. Алардын арасында кыргыз кыздарынын чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыккандар  да бар. Баш кошкон жубайлар никеге Бишкектеги төрт райондун, Кыргызстандын жети облусунун, ондогон райондорунун никеге каттоо бөлүмдөрүндө туруп, күбөлүк алса болот. Ошондуктан, канча кыргыз кыздары чет өлкөлүктөргө турмушка чыгып жаткандыгы белгисиз. Кыргыз кыздарынын башка улуттар менен үй-бүлө куруп жаткандыгы коомдо кайчы-пикирлерди жаратып келет. Айрым улутчулдар “кыргыз кыздары жалаң гана кыргыз жигиттерине турмушка чыгышы керек”-деп билдирсе, аны адам укугун чектөө, кыздардын бактысын басмырлоо катары баалагандар да бар.

Чолпонбек АБЫКЕЕВ, жазуучу:

«АЯЛ ЗАТЫ ЖЕТИШТҮҮ ЖАШООНУН БУЛАГЫН ИЗДЕЙТ»
– Кайда турмушка чыгат же кайдан аял алып келет, ал ар кимдин жеке каалоосундагы иш. Жогорку токтом чындыгында адам укугуна чек койгон. “Темир көшөгөсү” бар СССРдин учурунда деле четке турмушка чыгып кеткен кыздар бар болчу. Кеткендер кайра келишчү эмес. Себеби, кесилип кетишчү. Азыр болсо кайра кайтып келишет. Совет мезгилинде да четке кеткен кыздардын кор болгондору тууралуу укчубуз. Бирок, мындай процесс токтогон эмес. Токтобойт дагы. Анткени, анын баары адамдын ички эңсөөсүндө жатат. Айрымдар кыялында ушул Кыргызстандан чыгып кетсе эле жыргал турмушка туш келчүдөй ойлошот. Ошентип бала күнүнөн кыялданышат. Анан аны биринчи эле мүмкүнчүлүктө ишке ашырып жатат. Аял заты негизинен дайыма эркектен таяныч, жетиштүү жашоонун булагын издейт.

Бирок, мындай кыял Кыргызстандын чөйрөсүндө дайым эле табыла бербейт. Өмүр бою эркек менен тең жарышып, ал түгүл андан ашып иштеш керек болот. Ошондо араң орточо жашоо курушуң мүмкүн. Болбосо, ал да жок. Дайым “жетишсиздик” дегендин өзүнөн чарчайсың. Ошондуктан, биздей экономикалык жактан артта калган, жашоо турмуш шарты төмөн мамлекеттердин кыздары чет өлкөлөргө чыгып кеткилери келет.

Рита КАРАСАРТОВА, укук коргоочу:

«КОРЕЙ КИНО ТАСМАЛАРЫНДАГЫ ЖОМОК ЖАШООНУ ЭЛЕСТЕТКЕН КЫЗДАРЫБЫЗ БАР»

– Чет жерге турмушка чытууда ар бир кыздын жоопкерчилиги болушу шарт. Кыздарыбыз 18 жашка чыкканда, алардын бутунан кармап калтыра албайбыз. Мамлекет элге туура маалымат жеткирүү менен “зордук-зомбулук”, “кулчулукка кабылгандар” тууралуу социалдык жарнамаларды көрсөтүү керек. Ар бир мамлекетте элчиликтер жарандар менен иш алып баруу керек. Чет жердеги биздин элчиликтер, кыргыз жарандарын коргоодо алгылыктуу иштей албай жатышат. Ал эми кыздарыбыз башка улутка чыгууга, албетте, укуктуу. “Кыргыздын кыздары башка улуттарга турмушка чыкпайт”-деген мыйзамды эч бирөө чыгара албайт. Укуктук калыпка салып, бул маселени чечүү мүмкүн эмес. Кыздарга каада-салт, накыл кептерди үйрөтүү менен туура жолго салуу зарыл. “Чет элдиктерге турмушка чыкпагыла”-деп кыздарга чек коё албайбыз. Корей кино тасмаларындагы укмуштуудай жомок жашоону элестеткен кыздарыбыз көп. Чыныгы жашоо кинодогудай болбойт. Ал эми нике агенттиктеринин жүргүзгөн иштеринин артында чоң күчтөр турат. Алар кийлигишпесе, нике агенттиктери жападан жалгыз адамдарды сыртка кантип алып чыкмак эле?!

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: