Иса Өмүркулов юстиция министри Уран Ахмедовдун «сабатсыздыгын» айтып, куйкасы курушту. Буга аталган министрлик демилгелеп чыккан мыйзам долбоорунун катасы көп, эрежеге туура келбегендиги себеп болгон. Мындан улам Иса мырза: Бул эмне деген мыйзам, мыйзам деген так жана түшүнүктүү болуш керек. Силер ЖОЖдо ушул үчүн окуттуңар беле?” – деп кесиптеши КСДПчы Канат Керезбековдон сураганда, ал “Эми мен баарына күнөөлүү болуп калдым”, – деп тамашалады. Андан соң Өмүркулов: “Кыязы, биздин юстиция министри университетте 2ге окуган окшойт” – деп зээни кейиди.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ