Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Тазабек Икрамов Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл–Туу айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Сеңир айылында шайлоочулар менен жолугушту. Бул тууралуу “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын катчылыгы маалымдады.
Эл өкүлү Нооруз майрамына карата уюштурулган иш-чарага катышып, шайлоочуларды Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган жалпы депутаттардын атынан куттуктады.
Жолугушууда Кызыл-Сеңир айылындагы суу көйгөйү көтөрүлдү. Эл өкүлү суу түтүкчөлөрү менен камсыздоо маселеси чечилүү алдында тургандыгын билдирди. Ошондой эле Т.Икрамов жергиликтүү эл менен Сузак районунун жазгы талаа жумуштарына болгон даярдыктар боюнча да баарлашты.
Мындан сырткары, шайлоочулар социалдык-экономикалык маанидеги бир катар көйгөйлөрдү аткаруу бийлигине жеткирүүнү өтүнүп, эл өкүлүнө кайрылууларын кагаз түрүндө тапшырышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ