Улуу Британиянын парламент имаратынын жанында полиция кызматкерине кол салып, жөө адамдарды унаасы менен сүздүрүп кеткен террорчунун тек жайы аныкталды. Бул тууралуу Лондондун полиция кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, чабуулду уюштурган 52 жаштагы Халид Масуд Британияда төрөлүп, соңку учурда Уэст-Мидлендс графтыгында жашаган. Ал мурда зомбулук жана курал сактаганы үчүн соттолгону белгилүү болду.
Халид Масуд 22-мартта Лондондогу парламент имаратынын жанында машинасы менен жөө кишилерди сүздүрүп, кийин парламентти кайтарган полициячыны бычактаган. Натыйжада үч адам өлүп, 40 адам жабыркаган. Алардын жетөө оор абалда ооруканада жатат. Чабуул койгондун өзүн полиция жок кылган. Британ полициясы кол салууга байланыштуу жети кишини камакка алды.
Теракт үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу өзүнө алды. Кол салуу Брюсселдеги терактка бир жыл болгон күнү жасалды – бир жыл мурда Бельгия борборунун аэропорту менен метросундагы жардыруулардан 35 киши мерт болгон.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ