Menu

Кыргызстан спорт менен дүйнөгө таанылат

Бөлүшүү:

Кыргызстан спортчулары акыркы кездерде ийгилик жаратып, өлкөбүздү бүткүл дүйнөгө таанытып жатканы кубанычтуу кабар. 10-октябрда кыргыз футболчулары Катар-2022 Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын алкагында Бишкекте Мьянма менен беттешти. Оюн толугу менен кыргыз футболчуларынын көзөмөлүндө өттү. Биринчи таймда эле эсеп саны 5:0 болду. Бернхардт эки жолу, Алыкулов. Шукуров жана Кичин 1ден гол киргизишти. Экинчи таймда Шукуров экинчи голун киргизсе, Бернхардт үчүнчү голун киргизди. Жыйынтыгында эсеп саны – 7:0 болду.

Беттештин мыкты оюнчусу

Бул беттештин мыкты оюнчусу деп улуттук курама команданын жарым коргоочусу Эдгар Бернхардт табылды. Ал бул оюнда 3 гол киргизди. Эдгар Бернхардт кыргыз футболунун тарыхындагы улуттук курама команда үчүн хет-трик жасаган экинчи оюнчу болду. Буга чейин чабуулчу Виталий Люкс Азия Кубогунда хет-трик жасаган.

Кыргызстандын футболчулары тарыхты жаңылады

Тарыхка көз чаптырсак, мындай чоң жеңиш акыркы ирет 1997-жылы болгон. Анда улуттук курама команда Матьдивдин спортчуларын 6:0 эсеби менен жеңген. Мьянмага каршы беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Бул 2020-жылы өтө турчу дүйнө чемпионатынын тандоо турундагы биринчи жеңиш болду. Бүгүн кыргыз футболчулары 15-октябрда конокто Монголия менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңишке жетти. Биринчи оюнда кыргызстандыктар 0:1 эсеби менен тажикстандыкгарга жеңилип калганы маалым.

Кыргызстан F тайпасында үчүнчү орунда

Дүйнө чемпиондугун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргыз өлкөсү Мьянманы уткандан кийин F тайпасында 3-орунга чыкты. Тайпанын 3-турдук оюндары 10-октябрда өткөн. Бишкекте кыргыз футболчулары Мьянманы 7:0 эсебинде утса, Япония өз үйүндө Монголияны 6:0 эсебинде уткан. F тайпасы 3-турдук оюндар Япония – Монголия – 6:0 Кыргыз – Мьянма – 7:0 Голдор: Эдгар Бернхардт 5, 10, 87 (пенальтиден), Алимардон Шукуров 20, 71, Гүлжигит Алыкулов 26, Валерий Кичин 45.

Эки футболчубуз карьерасын жыйынтыкташты

Кыргыз курама командасынын эки футболчусу улуттук курама командадагы карьераларын жыйынтыкташты. Кыргыз-Мьянма беттеши алдында Даниел Тэго менен Павел Сидоренко күйөрмандар аддында коштошту. Сидоренко улуттук курама командада 2007-жылы алгачкы жолу чакырылып, жалпы 27 оюн өткөргөн. Даниел Тего 2014-жылы алгачкы жолу курамга чакырьыып, жалпы 21 оюн өткөргөн. Эки футболчу тең ушул жылы Азия Кубогунда ойношкон.

Оюндун тескей тарабы

Кыргыз-Мьянма беттеши учурунда күйөрман футбол талаасына чуркап чыкты. Күйөрман талаанын ортосуна чейин чуркап чыгып, Матяш менен учурашканга жетишкен. Аны милиция кызматкерлери кармаганга жетишти. Эми бул кыргыз футболуна чоң көйгөй жаратарын улуттук курамдын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин билдирди. “Талаага чуркан чыккан чыныгы күйөрман эмес. Кыргыз футболуна күйгөн адам болсо минтип “өнөрүн” керсөтпөйт болчу. Бул эми кыргыз футболунда чоң көйгөйгө айланат. Буга чейин Азия футбол конфедерациясынан ушундай кылык үчүн чоң айыпка жыгылганбыз. Футбол федерациясында акча көп эмес, эми дагы чоң жаза болот. Бир адамдын кылыгынын айынан эми өз үйүбүздө ойнобой калышыбыз да мүмкүн. Мындай нерсени ал өзү жасаган жок да. Анын жанындагы адамдар аны токтотушкан жок. Коомчулук тарбиялап, бөгөт коюу керек”, – деп, машыктыруучу нааразычылыгын бнлдирди.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: