Мушкерлердин абсолюттук чемпионатынын (UFC) жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык ТОни Фергюсон менен 2020-жылы Нью-Йорк шаарында жазында беттешип калышы ажеп эмес. Алар UFCнин чемпиондук куру үчүн таймашат, – деп жазат RT маалымат агенттиги.
Мурда Хабиб Нурмагомедов “кийинки беттеш Орусияда болуп калышы мүмкүн” деген эле.
Эскерте кетсек, орус мушкери чемпиондук наамын Абу-Дабиде (БАЭ) Дастин Порье менен беттешип, коргой алган. Ал жеңиши үчүн Нурмагомедов 6 млн доллар рекорддук суммага ээ болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ