“Атамбаев өз учурунда президенттик мөөнөтүнүн ар бир күнүн санап айтып турчу, “мен саясаттан кетем” деп, ошол сөзүнө туруш керек. Азыр партияны экиге бөлбөй, элди экиге бөлбөй, ызы-чуу кылбай, өз ыктыяры менен лидерлигин тапшырып, партиядан кетиши керек”, – деп билдирди бүгүн, 28-ноябрда КСДПчы экс-депутат Данияр Тербишалиев “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын Бишкекте өткөн съездинде чыгып сүйлөп.
“Ошондо КСДП чыныгы, реалдуу демократиялык партия болот. Урматтуу партиялаштар! Мына, бүгүнкү күндө Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мындай процесстер жүрүп жатат. Бул процесс чыныгы демократиянын көрсөткүчү. Акыркы 20 жылда партияны ким башкарды? Атамбаев “мультимиллионер” деген сөздү кайталаганды жакшы көрөт, Кыргызстанда азыр Атамбаевдин шоопурлары менен секретаршалары гана “мультимиллионерлер”, – деди Данияр Тербишалиев.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ