Menu

Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев абактан бошотулду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-майда Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев абактан бошотулду. Бул тууралу Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.
Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевди Алмаз Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөш кампаниясынын алкагында КР Генералдык прокуратурасы 2012-жылдын 23-июнунда кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча айып менен камакка алган.
Нариман Түлеев Бишкек шаарында мэр болуп иштеп турган чагында шаарга Кытайдан “Ясинь” маркасындагы 200 автобус сатып алууда мамлекетке 1 миллион долларга жакын акча зыян келтирген деп айыпталып, 2013-жылы 29-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Аман Сариев тарабынан 11 жылга эркинен ажыратылган.
2015-жылы майда УКМКнын Антикоррупциялык кызматы Нариман Түлеевдин үстүнөн дагы бир жер сатуу боюнча кылмыш ишин ачып, сүрсүтүп кармап олтурушат.
2016-жылы 7-майда чыгымдарды төлөп бергени үчүн жана аминистиянын негизинде Нариман Түлеевди абактан биротоло бошотушту.
Эксперттер Нариман Түлеевдин камакка алынышынын чыныгы себеби башкада – 2010-жылы 12-майда Убактылуу Өкмөткө каршы уюштурулуп, бирок ишке ашпай калган контрреволюциянын тымызын уюштуруучусу Нариман Түлеев болгонуна байланыштырышат.
Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: