Menu

УИАнын окумуштуусу Кыргызстандын жапайы жаратылышын коргоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтты

Бөлүшүү:

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн төрагасы, академик Биймырза Токторалиев Швейцариялык кесиптеши, физикалык географияны жана климатты изилдөөчү (Zoï Environment Network эла аралык коммерциялык эмес уюму) Виктор Новиков менен жолукту.  Бул туурасында УИАнын басма сөз кызматы билдирет.

Анда жапайы жаратылышты коргоонун стандартына ылайык, био ар түрдүүлүктөр жайгашкан жерлерди карталаштыруу менен жаратылышты колдонууда келтирилген зыяндарды азайтуунун жолдору талкууланды.

Буга чейин Б.Токторалиев башында турган эксперттердин тобу өнөктөш уюмдун өкүлдөрү менен биргеликте 2016-жылдын июнунан декабрына чейин био ар түрдүүлүктү сактап калуунун планына кирген регионалдык жана глобалдык мааниге ээ территорияларды (жалпы Кыргызстан боюнча) аныктоого багытталган алдын-ала масштабдуу иштерди жүргүзүшкөн.

Окумуштуунун баарлашуу учурунда мындай оюн билдирди:

“Эл аралык үлгүдөгү мындай карталаштырууну ишке ашыруу тоолуу экосистеманы жана андагы өсүмдүктөр менен жаныбарларды тереңден изилдеген дүйнө жүзүндөгү бардык окумуштуулардын көңүлүн гана бурбастан, биздин эндемиялык түрлөргө бай өлкөбүздүн коруктарын коргоонун жаңы ыкмасына жол ачат” – деди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кесиптештер мындан-ары дагы УИАнын окумуштуулары, чет өлкөлүк окумуштуулар жана эл аралык жаратылышты коргоочу уюмдары менен кызматташуу ниети бар экендигин билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: