Юридикалык жактарда Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга 10 күн калды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы бүгүн, 20-февралда билдирди.
Эске салсак, 1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларациясын ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.
Ошондой эле, 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ