Кыргыз Республикасынын Премьер-минитсри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 6-апрелде, жумуш сапары менен Ош облусуна барды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.
Өкмөт башчысы «Ош» аэропортунун жаңы аэровокзалдык комплексинин ачылышына катышып, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен «Ош» эл аралык аэропортундагы көрсөтүлгөн тейлөөлөрдүн жана коопсуздукту камсыз кылуунун сапатын көтөрүү боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Ош аймактык ветеринардык диагностикалык борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ