Menu

Адилет Айтикеев, журналист: “Мындан 7 жыл мурда 7-апрель күнү кыска ойлуулук, регионалдык көз караш менен элибизди, мамлекетибизди эң тунгуюктуу жолго түрткөнүбүздү эми сезип отурам”

Бөлүшүү:

Эртең 7-апрель. Мен үчүн жүрөк эзген оор күн. 7 жыл мурда 7-апрель күнү аянтта кансыраган жигиттерди, ары-бери сүрүлүп, “тарс” эткен үндөрдөн далдаага качып кирип, кайра ок чыгарган тарапка жаалдана чуркаган көпчүлүктүн ичинде кейиштүү трагедияны көзүм менен көрүп, жүрөктөн өткөрүп, буруксуган кандын жыты мурдума келгенде шолоктоп ыйлап жүргөнүм бүгүнкүдөй эсимде. Андан кийин да көпкө ыйлап жүрдүм. Уулунан, жакынынан ажыраган, сыздаган энелердин, келиндердин көз жашы мени көпкө ыйлатты. Мен ошондо үркөрдөй кыргыз бирин-бири тебелеп, бирин-бири өлүмгө кыйганын көрүп ыйладым.

Ошол кезде эмоциянын, кыска ойлуулуктун, регионалдык көз карашка ширелген идеологиянын таасири менен көп нерсеге бир тараптуу мамиле жасап, копол жыйынтык чыгарып гана тим болбостон, аны гезиттин, интернеттин жардамы менен элге жайылтып келгеним үчүн бүгүн уялам. Мына ошол 7-апрель кандуу гана күн эмес, кыргыз мамлекетинин тагдырына тескери бурулуш жасаган оор күн болгондугун эми сезип отурам. Биз ошондо элибизди, мамлекетибизди эң тунгуюктуу жолго түрткөнүбүздү, түпсүз баш аламандыкка, тартипсиздикке жетелеп гана тим болбостон, биротоло байлап бергенибизди азыр түшүнүп отурам.

Мына ушундай оор күн үчүн ошол окуяларга катышкан ар бирибиздин үлүшүбүз бар. Анын ичинде менин да үлүшүм бар.

Элим, мекеним, боордошум, мен ошол калабалуу күндөргө тарапташ болуп, жигердүү аралашканым үчүн кечир мени!

Жакшы ниет менен аянтка келип, өмүрүн белекке берген мекендештеримдин жаткан жери жайлуу болсун! Бул күндү унутпайлы, ар бирибиз кетирген кемчиликтерден сабак алалы…

Адилет Айтикеев, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: