2017-жылдын 5-6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби,GIZ «Борбордук Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» Программасы жана Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» долбоору менен биргеликте жаңы Административдик-процесстик кодекс боюнча тренерлер үчүн тренинг өткөрүүдө. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады.
Иш-чаранын лекторлору – Рыбалкина А.Д., Бишкек шаардык сотунун судьясы; Иманалиев Э., GIZ Программасынын эксперти, «Коомдук укук институту» коммерциялык эмес мекемесинин башкармалыгынын төрагасы (Кыргызстан); Йохан Вебер, отставкадагы судья, Берлин ш., Германия; Мадалиев Р., «Борбордук Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» GIZ Программасынын улуттук координатору.
Тренингдин ишине Кыргыз Республикасынын 13 судьясы катышууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ