Быйылкы 2017-жылга Мекеге барып зыярат кылуу 160 долларга кымбаттаптыр. Ошондо жалпысынан алганда, буга чейин 2600 доллар менен зыярат кылып келүүгө мүмкүн болсо, быйыл 2760 долларга көтөрүлгөн. Бул кымбаттоону муфтият Араб өлкөлөрүнөн келген зыяратчыларга шарт түзүү менен байланыштырды. Башкача айтканда, зыяратчыларга шарт түзүү максатында Арафат аймагына күнгө, отко чыдамдуу чатырлар тигилет экен. Чындыгында Сауд Арабияда күн аябай ысыгандыктан, дайыма күндө жүрүү мүмкүн эмес.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ