“Акылдуу эсептегичти” колдонуу механизмин киргизген аткаминерлердин жоопкерчилигин кароо зарылдыгы Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан бир топтон бери көтөрүлүп келет. Бирок бул маселеге олуттуу маани берилбей келген. Бул жолу коомчулук тарабынан “акылдуу эсептегичке” байланышкан энергетиктерге карата нааразычылыктардын көбөйүшү, аталган механизмдерди киргизгендердин күмөндүү схемасына шектүү көз карашты кайрадан күчөттү. Буга пайдаланылган электр энергиясын эсептөө иштери башаламан жүргүзүлүп, бирөөнө аз, бирине кеп келип жатканы эсеп квитанциясы ачык мисал болот. Албетте, бул көрүнүшкө Энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев түздөн-түз жоопкер болушу керек. Себеби буга энын тиешеси бар. “Акылдуу эсептегичтен” канча пайда көргөнүн тиешелүү органдар иликтеп чыкса ачыкка чыкмак. Энерге-тиктер деле “дал ушул Калиев баарын ойрондотуп жатат” деп айтышса ооздорунан көк түтүн бурайт…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ