Партиялык система менен министр тандоо кадр тармагынын тамтыгын чыгарып бүтө турган болду. Иш билеби, кыла алабы дебей эле ар кайсы партия өз «кочкорубузду» министр кылып алдык. Койкоюп олтурган «кочкор» министрлердин мурда кийин ким болгонуна деле кызыккан жан жок. Маселен Айыл-чарба, тамак-аш жана мелиорация министри Нурбек Мурашев бул тармакка анык эле адашып келгендей. Бул тармакта кызуу күрөш жүрүп, иш кайнап атса Мурашев мурдунан дем алып олтурат. Көчүгүн креслосунан көтөрсө эле ким бирөө ээлеп кетчүдөй болуп… Арийне, иштин көзүн билбегенден кийин келбей койсо деле чоң пайда келтирмек экен. Мурашев министрлик дегенге муштум эмес акыл керектигин айырмалабай туруп эле, аттап алган өңдүү. Ансыз да арабөк айыл чарбаны муштум жаатында тажрыйбасынан башка берекеси жок Мурашев тамамдайт өңдөнөт. Демократия деп делөөрүгөнүбүз менен биз анын кыйкырып-өкурмөй, ээн ооздонмой, анан кызмат бөлүштүрмөй жаатын гана ылгап алган өңдөнөбүз.
Булак: “Де Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ