Ички иштер министры Улан Исраилов бир топ кадрдык өзгөртүүлөрдү жасай баштады. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев “Уланга ишенем, ИИМди тазалайт” – деди эле. Ажонун айтканын эш тутуп, Исраилов ИИМге өзгөртүүлөрдү баштады. Мына Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Жоробековду, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын башчысы Мирлан Каниметовду иштен алды. Буга Жеңиш мырзанын Чаткалдагы алтын иштеткен ишканаларды калкалап, ал кызматы үчүн оңбогондой акчага туйтунуп жүргөнү билинип иштен айдалганы айтылууда. Ал эми Канимет мырза болсо кылмыштуулук менен күрөшүүнү караманча токтотуп, алакан жайып отуруп калганы иштен алууга негиз болуптур.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ