Menu

4 стартапчыга өз долбоорлорун өнүктүрүү үчүн 500 миң сомго чейинки грант берилет. Жеңүүчүлөрдүн бири 64 жашта

Бөлүшүү:

КРнын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы өткөргөн “Startup Kyrgyzstan” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Жеңүүчүлөр өз долбоорлорун өнүктүрүү үчүн Кыргызпатент тарабынан бөлүнүүчү 500 000 сомго чейинки грант алышат.

Токтогулов Адилет Азисмаметович, 26 жашта, Genesis Bionics проект (бионикалык протез өндүрүү).

Майыптыгы бар адамдардын жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган долбоор. Протезди акыл-эс менен башкарууга болот. Калыстар тобу стартаптын келечеги бар деп баалап, рыноктогу талапты жана автордун өсүп-өнүгүүнү каалагандыгын баса белгилешти.

Алиев Нурсултан Алмаспекович, 26 жашта, Azyk.Store проектиси – чакан жана орто бизнес үчүн атайын иштелип чыккан товарларга дүңүнөн буйрутма берүү үчүн онлайн платформа. Ал өз колдонуучуларына бизнесин кеңейтүү жана өнүктүрүү үчүн кубаттуу технологияларды сунуштайт. Долбоордун 2300 активдүү колдонуучусу бар. Ыкчам, туруктуулукту жана кардарларга өзгөчө мамиле жасоону камсыз кылган эң заманбап технологияларга негизделген Кыргызстандагы жана КМШдагы биринчи ийгиликтүү платформа.

Сагыналиева Лунара Мырзабековна, 40 жашта, Quick Expert долбоору – Электрондук тейлөө платформасы жана фрилансерлердин кызматы. Ал колдонуучуларды КМШ өлкөлөрүнүн 50дөн ашуун ар кандай адистигинин адистери менен ыкчам түрдө бириктирет. Адистердин кеңешин алып, фрилансерге буйрутма жайсай аласыз. Акселерациядан ийгиликтүү өткөн команда Казакстандан өнөктөштөрүн табууга, адистерди каттоого алууга  ж.б. жетишти.

Сайнидинов Стан, 64 жашта Нарын облусунан келген жеңүүчү, жашына карабастан, “KЭT” startup долбоору менен акселерациялык программадан ийгиликтүү өттү. Жумгалдын кургатылган эти – көчмөндөрдүн атайын технологиясы боюнча жасалган экологиялык таза азыктардан жасалган тамак. Даяр продукцияда бардык азык заттар, витаминдер жана микроэлементтер сакталат. Карантин учурунда кардарларга продукциянын биринчи патиясы сатыкка чыгып, көпчүлүгү жактырышкан. Калыстар тобунун көз карашы боюнча, долбоордун келечеги кең, долбоордун авторуна бизнес ой жүгүртүүсү бар кесипкөй топтун жардамы гана керек.

Ошондой эле, төрт стартап долбоорунун авторлору инновациялык жана чыгармачылыгы үчүн кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту:

Леонтьев Руслан Георгиевич, Digital Nomads  долбоору – жаңы улуттук бренд (онлайн платформасы аркылуу кыргыз, орус жана англис тилдеринде окутуу).

Смиренский Илья Вячеславович, “СПААЗ” долбоору – “Өтүнмөлөрдү берүү, талдоо жана архивдештирүү системасы”.

Чериков Сатыбалды Турдумаматович, ВИЭ “Свенергия” долбоору – күн-шамал электр станцияларын орнотуу.

Жакыпбекова Бермет Жакыпбековна,KidsGo долбоору – окуучуларды үйдөн мектепке, мектептен үйгө коштоп баруу кызматы.

Эске салсак, 1-июлда онлайн режиминде “Стартап Кыргызстан” республикалык сынагынын финалы болуп өттү. Анда Россиядан, Грузиядан, Казакстандан келген бизнес жана стартап тармагынагы адистер жана жергиликтүү адистерден калыстар тобу түзүлүп, 15 стартапчылардын долбоорлорун баалашкан.

Ар бир финалистке калыстар тобу тарабынан кесиптик баа берилди, ошондой эле алардын стартап долбоорлорун ишке ашыруу боюнча сунуштар берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: