Ош шаардык төрөтканасында бир нече күн мурда 22 жаштагы келин көз жумган. Өлүмгө эмне себеп болгону азырынча так айтылбай иликтенүүдө. Төрөт залына келгенде бири каралып, бири каралбай, келиндер биринин артынан бири көз жарышат. Албетте, өлүм менен өмүр тирешкен бул көз ирмемде дарыгерлер тараптан көзөмөл өтө зарыл. Кыргызстандын башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашеванын айтымында, буга чейин 2016-жылы өлкөдө 48 эне өлүмү катталса, быйыл алты айда 22 эне төрөт учурунда же төрөттөн кийинки мезгилде көз жумган. Ал эми өткөн жылдын алты айында 28 эне төрөттөн өлгөн.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ