Menu

Сабыр Муканбетов, коомдук ишмер, саясат талдоочу: “Фарид Ниязов күндүз жаңы президенттин, түнкүсүн экс-президенттин астында жүргөндөн тажап, кетүүгө аргасыз болду…”  

Бөлүшүү:

– Сабыр байке, “өлбөгөн жанга жаз да келет” демекчи, мына кыштан да чыктык окшойт. Көптөн бери митингдерден көрүнбөй калдыңыз эле, митингде жүрөсүз го? “Ютубдан” көрдүк. 5-марттагы окуялардан кеп салсаңыз. Жаз келип, жер көөп, делебеңиз козголдубу?

– 2010-жылдын апрелиндеги элдик көтөрүлүштөн кийин элдин мудөөсү аткарылат деп ишенип, санаабыз тынгансып, митингдерге тоюнгансып калдык. Андан кийинки бийликтин оош-кыйыштары башталып, кайра таз кейпибизге кете баштаганыбызда деле митингге чыгып, “оң жолго түшкүлө!” деген талаптарыбызды койо албай илең-салаң болуп турдук.

Анткени, “эки жолу төңкөрүш кылсак деле эчтеке өзгөргөн жок, тополоңдон толк жок экен, бирөөңү кууп, дагы кайдагы бирөөнү бийликке алып келген кимге керек? Элдин чекеси баары бир жылыбайт тура”- деп, ишенимибиз өчүп, жол таппай кайсалап, “күтө туралы, оңолоор” дегенден башка айла жок, ичтен сызып отуруп калдык да.

Тилекке каршы, коомдун мындай пассивдүүлүгү терс жыйынтыктарды алып келди. “Кой деген кожо, ай деген ажо” жок экенин илгиртпей сезген бийлик башындагылар таз кейпине кетип, коррупция гүлдөп, кечээ эле колунда кокон тыйыны жок Атамбаевдин жан-жөөкөрлөрү мультимиллионерлерге айланып, семирип, ээсин (элди) тааныбай эсирип кетти.

Коррупцияга белчесинен баткан атка минээрлер -“уурулугуңарды токтотпойсунарбы!”- деп сындагандардын  өзүлөрүн коррупционерлер деп жалаа жаап, каматып, соттотуп, миллиондогон айып пулдарды салдырып жатат. Жагалданып, жасакерленип, уурдаганыңдан бөлүшүп турсаң эч сурак жок. Баягы “ууруну кармагыла деп ууру өзү кыйкырып жүрөт” деген притчадагы замандын өзүнө келдик.

– Жогорку бийлик ушундай беспределге баргандан кийин, ага кызмат кылган орто-заар бийлик да кутуруп, өзүм билемдиги күч алып, адам укугу өлкөнүн кай тарабына барба, тепселенип калганын айтсаңыз?

– “Сыныктан башканын баары жугуштуу” деген ошо да. “Жогору жактагыга кылып берип атабыз, командадабыз, эми бизге унчукпайт, өзүбүз да оокат кылып алалы” деп ар ким өз билгенин кылып, эзелки “разборкаларды” козгоп, кегин алып, соттойм деп коркутуп байып жатышканын эл көрүп жатат. Мен эми Текебаев баш болгон, жалган жалаа менен соттолгон чон саясатчыларды айтпай эле коёюн. Шартту соттолгондорго (спецпоселениедегилерге) карата колдонулган мыйзамсыз, адамкерчиликсиз мамилени ачыка чыгарды деп Мотуевди эмне кылышты?  “Атамбаевди сындап, сөгүп жүргөн, ушуну жайласам командага кирем го?” дегенсиген үмүт менен, мисалы Нурлан Мотуевди поселениеден ары алып барып, террорчуларга кошуп түрмөгө камап салышты. А Мотуев барбалаңдап, дадактап эле койгону болбосо, ал эч кандай террорго барчу бала эмес, ар дайым чындыкты сүйлөгөн, эч жаманчылыгы деле жок кыргыздын бир кара томолок баласы эле го? Эми аны эмне, накта террорчу болсун деп ошо жакка тыктыкпы? “Жылан жатпасын түрмөгө” деген ата-бабабыз. Адам баласын да кордоонун чеги болуш керек да? Мотуевди жөн гана мисал кылдык, ага окшогондор миңдеп саналат да. Бир келесоо татарга түрмө башчысы жагыныш үчүн адамдар кордолуп, кылмышкерлер көбөйүп, азабын эл тартыш керекпи?

Ушундай адамдын укугун басмырлоо, беспределдин баары адилеттүүлүктү камсыз кыла турган сот бийлиги тарабынан, көз каранды, айдама соттордун колу менен жасалып жатканы жанды кейитпей коё алабы? Чындык, адилеттүүлүк деген түшүнүктөр тепсендиде калды го? Натыйжада элдин сотторго болгон ишеними толук өлдү. Аны мына Сооронбай Жээнбеков өзү айтып чыкты. Мыйзам чыгаруу бийлиги мажүрөө, чалажан, аткаруу бийлиги болсо, элге эмес бир кландын кызыкчылыгына иштеп, сот бийлиги ошол кландын адвокатына айланып, мамлекет дегенден калып, талап тоноонун обьектисине айланып бараткандайбыз? Ушул жол менен кете берсек мамлекет болуудан калаарыбыз шексиз.

Анан ушундай кырдаалда жаңы шайланган президентибиз Сооронбай Жээнбековго чоң үмүт артылып отурат. Элибиз чоң ишеним артып, “оң жолго сала алаар бекен (?), салса экен,  эскинин куйруктарынан мамлекеттик бийликти тазаласа экен, келечектүү мамлекетке айланаар бекенбиз?”- деп, жүрөкзаада болуп турган кези. Бул жагынан алганда, кечээги митинг жаңы президенттин коопсуздук кеңешиндеги айткан сөздөрүнө шайкеш, президентти колдоо, ага дем берүү иретинде өттү дегим келет.

Эми, дагы Кудаага шүгүр, уучубуз кур эмес экен, активдүү жарандарыбыз, жаштар бар экен. Ошо жаштар чыгышты сот системасындагы, деги эле бийлик башындагы коррупцияны токтотууну талап кылып. Ошо уюштуруучулар чакырганынан бардым, сөз сүйлөдүм. Андан келе жатсам дагы бир митинг бар экен, Ак калпак митинги, ага да катыштым. Ал жактан сүйлөгөн жокмун, бирок чет жакасында дискуссия кылдык. Мен, -“кыргыз деген улуу эл, ар дайым адилеттүүлүктү туу туткан, калыстыкты сүйгөн эл болгон, а силер кандайсыңар, бир жылда бир күн калпак кийип коёсуңар, кыргызбыз дейсиңер, өлкөдөгү зордук-зомбулукту, адилетсиздикти көрбөйсүңөр,” деп айтсам, кээ бири башын жерге салып шылкыйса, кээ бири акшырайып жаман көзү менен карады.

Бизге, тазаланууга, оңолууга, мамлекетибизди өркүндөтүп өстүрүүгө, элибизди бакубат жашоого жеткирүүгө Кудай ушундай шанс берип жатса, биз кайдыгерлигибизди таштап, ар кимибиз үнүбүздү, добушубузду кошуп оң жолго түшкөнгө аракет кылалы да. Мен ар бир кыргыз жаранын активдүү позицияны карманууга чакыраар элем.

– Эми мына бүгүн, президент Сооронбай Жээнбековдун тактыга отурганына 100 күн болуп,  туура азыр, биз маектешип отурган маалда ЖМКлардын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп жатат. Сиз, ушуга чейин, бир нече ирет, “100 күн болгончо сындаган туура эмес” деген элеңиз. Эми кандай сын айтасыз?

– Биринчи сага сын айтайынчы. Сени “Майдан” гезитинин редактору катары президент менен жолугушууга чакырса эмне барбай койдуң?

– Билип туруп жарга такайсыз… Эртең гезит чыгат, бүгүн верстка. Графиктен артта калып, жетише албай, мен кетип калсам болбосун билесиз да… Болбосо бармакмын. Дагы деле болот да жолугушуулар…

– Эми, бүгүнкү күндө Сооронбай Жээнбековго карата катуу айтылган сын деле жок. Анткени сындоого татырлык каталыктар деле кетирилген жок. Тетирисинче, коңшу мамлекеттерге жасалган сапарлардын аркасында айтаарлык ийгиликтер жаратылды. Коншулар менен мамилелер онолду. Азыр анын атына айтылып жаткан сөздөрдү сын-пикир дегенге караганда колдоо, үндөө катары кабыл алууга болот. Президенттин Коопсуздук кенешиндеги сүйлөгөн сөзү элге жакты. Тунелдин башынан жарык көксөп, келечекке болгон үмүтү бүлбүлдөп,  айласы куруп, самсаалап тентий баштаган элдин оюндагысын айткан үчүн, ушундай кызуу колдоого алынды да. Эми болсо, “туура айттың, айтканыңды аткар, башта!” деп шыкактап атат. Андыктан элден чыккан пикирлерди сынга караганда колдоо, аракеттерди баштоого үндөө катары кабылдап жатам.

– Сабыр байке, “калк айтса калп айтпайт” дейт эмеспи. Экс-президент тегерегине тизип кеткен кадрлардан тазалана албай жатса, ал кадрлардын баары, Акаев, Бакиев заманынан бери өлкөнүн ушундай коррупцияланышына салым кошкон кадрлар экенин эл да, президент өзү да  көрүп турса, ошого карабастан эч бирин кызматтан ала албай жатса кантебиз? “Дагы деле Атамбаев башкарат, Сокеңердин колунан пок келбейт, музоо кезинде сүзүлүп калган” деген сөздөр чыгат да.

– Коопсуздук Кенешинин жыйынында айтылган сөздөрдөн кийин коомчулук албетте чечкиндүү чараларды күтүп жатат. Сынга кабылган укук-коргоо органдарынын жетекчилеринин баарына жыйынтык чыгарууга убакыт берилди, алар өзүлөрү да жыйынтык чыгарышып, цивилизациялуу өлкөлөрдөгүдөй өзүлөрү отставкага кетиштери керек эле. Бирок биз андай өлкө эмеспиз да… Ошон үчүн отурушат да, “чык эшике!” дегенче.  Ошого карабастан, мен ойлойм, жакынкы эки ай ичинде бул багытта кардиналдуу өзгөрүштөр болот.  Экинчиден, экс-президенттин таасири да күч болуп, буларга чара көрүү кечеңдеп жатканын моюндоого аргасызбыз. Бирок ошого карабастан жылыштар бар. Мына аппарат жетекчиси Фарид Ниязов кызматтан кетип  жатат.

– Президент Фарид Ниязовду башында эле алгысы келбей, адегенде кеңешчи кылып дайындаганда, “Атамбаев көтөн зордук менен аппарат жетекчиси кылып дайындатты, ал аркылуу Сооронбай Жээнбековду көзөмөлдөгүсү келет” деген сөздөр чыкканын билесиз? Эми деле, “арыз жазды, кетти дешти, анан кетпей калды, отпуске алды” дешти. Эми дагы деле, “Атамбаев кетирбей коюптур” деп кайра калып калса кандай болот? Сокенин рейтиңги плинтуска түшүп кетсе, кайра көтөрүш кыйын го, мындай паска түшүштөн кийин, а-аа?

– Мен деле ушу силер айткандай жоруп жүргөм. Бирок менин угушума караганда окуя башкача экен. Фарид Ниязов биз ойлогондой Сооронбай Жээнбековдун айынан эмес, Алмаз Шаршенович Атамбаевдин (АША) айынан кетип атыптыр деп уктум. Күндүз жаңы президенттин астында, түңкүсүн экс-президенттин астында жүргөнгө “көчүгү чыдабай” кетүүгө аргасыз болгонун, баарынан АШАнын күндө кечинде чакыртып алып, оозго алгыс сөздөр менен ашатканынан тажап, жумуштан кетип, резиденциядан көчүп кетүүнү самап калганын айтышты.
Айрыкча Коопсуздук кенешинин жыйынынан кийин истерикага алдырып, шашылыш отпускесинен кайтып келген АША –“эмне апаратты көзөмөлдөбөйсүң, каяка карадың (?)”,- деп жер-жеберине жеткени жанына батып, экинчиден, мурунку бийликтин убагындагы коррупциялык иштер чубала турган болсо “АША менен кошо капшапка кетип калбайын деп, “куу татар” эртелеп  куйругун түйүүнү чечиптир” дешкендер да бар. Албетте, аппарат жетекчисин кетирип, экс-президенттин кийлигишүүсүнөн кутулууну көздөгөн Сокеңе деле жакшы болду. Экс досу менен жаман-жакшы көрүнүшпөй, асмандан тилегени жерден чыгып… Бирок Сокеңе баары бир кыйын… АШАнын жан-жөөкөрлөрүн кетириш эчтеке эмес. Алар кетет. Кырдаал оорлоп баратат. Коррупциялык иштердин баары чубалып отуруп АШАга жетсе ошондо кантет? АШАга “артыңыздыды чукутпайм, коргойм, эч кимге тийгизбейм” деген убадаларын аткара албай Сооронбай Жээнбеков кыйналат го?

– Быйылкы кыштагы ТЭЦтеги авариядан кийин белгилүү болгон фактылар б-ча депутаттык комиссия мүчөлөрү да жыйынтык чыгара албай, маалыматтарды ала албай жатканын айтышты. ТЭЦке 386 млн. доллардын 150 млн. доллары гана келип түшүп, калганы кайда кетип кимдин калтасына түшкөнү белгисиз болуп жатат. Түндүк-түштүк жолу, “Таза коом” (коопсуз шаар) проектилеринин баары тендерсиз, дүйнөлүк баалардан ашыра бааланып кытайлардын ТВЕА компаниясына берилип келгени айтылууда. Эми, бул коррупциялык кылмыштар мамлекет башчысы, өкмөт тикелей кийлигишкен коррупциялык схема экени айтылууда.  Сиз кандай дейсиз, бул коррупциялык схемалар ачылабы?

– Азыр, буга аралашкан бийлик структураларындагылар колдон келишинче бут тосуп, депутаттык комиссияга маалыматтарды бербей жатат. Экс-президенттин таасири да али бар болгондуктан, булар азыр уюшкандыкта тоскоолдуктарды жаратып жанталашууда. Анткени алардын көбу жоопко тартылышы керек. Ошон үчүн жанагыдай таасирдүү АШАнын куйруктарын тазалоо талабы келип чыгып жатат.

Мына жакында мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов уюштурган тегерек үстөлгө катыштым. Мурун кийин эл башында жүргөн, таасирдүү саясатчылар, эксперттер катышты. Ошол жердеги маалыматтардан төбө чач тик турат. Мисаалы ТЭЦ боюнча. ТЭЦке жогорудагы Кытайдан карыз алган 386 млн доллардын 150 млн. доллары гана келип түшүптүр. Ал эми аткарылган иштердин көлөмү боюнча 70 млн. долларлык иш аткарылгандыгы тууралуу гана акт бар экен.

Ошондо кандай? 386 млн. доллардын 236 млн. долларын кимиси сол чөнтөккө солоп алып, ТЭЦке 150 млн. доллары гана келип түшкөнбү? Анан ал жердегилер да “Манастан Чубак кем бекен” дешип, 80 млн долларын жеп алышып, 70 млн. долларлык иш кылып коюшканбы? Ошондо биз кыргыз эли 386 млн. доллар карызга алып, эксперт Иманкадыр Рысалиев айткандай,  үстөк пайызына эле 106 млн. доллар төлосөк, 492 млн доллар карыз болуп кала берет бекенбиз? Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линиясы деле эбегейсиз бааланганын депутаттар айтып чыгышты. Орусиянын РаоЭСинин баасы боюнча бир км линиянын орточо баасы 110 – 120 мин доллар болсо биздики бир км баасы 1 млн долларды түзүп жерге салган асфалт жолдун баасы менен бирдей болуп чыкканы кандай? Ошондо кандай? “Бул кыргызды түп орду менен жок кылып, Кытайга сатып жиберейин” деген аракетпи? Болбосо кантип түшүнөбүз? Булардын болгон аракетинин баары ушу  кытайлар менен, анан да башка инвесторлордун баарын четке итерип тендерсиз тикелей келишим түзүп жатышса эмне дейбиз. Бул чыккынчылык, душманчылык, булардын көзүн тазалаш керек дегенден башка сөз жок!

– Кытайлар менен болгон Түндүк-түштүк жолу, “Коопсуз шаар” ж.б.  келишимдин баары ушундай Кудайды карабаган коррупциялык схема болсо анда кандай? Жабылуу бойдон калабы? Азыр бул тема тууралуу ооз ачкандын баары эле, “экс-президент менен азыркы өкмөт башчы Сапар Исаковдун былыгы болуп калды го (?)  мындайга эч ким бара алмак эмес” деген сөздү айтышууда.

– Ошо кездеги өкмөткө, Энергетика министрине карата а кездеги президенттин аппарат жетекчисинин орун басарлары Сапар Исаковдун, Икрамжан Илмияновдун кытай тарапты колдоп жазган өтүнүчтөрү, визалары бар экендиги айтылууда. Эгер ошол маалыматтар тактала турган болсо анда аларды колдоруна кишен салып, камакка алып, чыгымдарды ордуна келтирүү керек да. Жанына күч келгенде аларың деле АШАны сатып, болгонун болгондой айтып береер? Болбосо кантип тазаланасың? Деги эле, жаштарды алып келем демиш болуп, Сапар Исаков баш болгон, Кенекеев сыяктуу коррупцияга малынгандардын баарын эмнеге өкмөткө чогултту?! Ушул майда-чүйдөлөр менен алышып, ушуларды жеп, кычуулары кансын дегенби? Жиптин учу чубалып өзүнө бараарын эсепке албаганбы?

Маектешкен Нургазы АНАРКУЛОВ

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: