Menu

Бет кап үчүн күрөш. Америка Шанхай аэропортунда Францияга кетчү бет каптарды үч эсе көп төлөп өзүлөрүнө алып калды

Бөлүшүү:

Америкалык сатып алуучулар Кытайдан Франциядагы таажывирустун таасиринен жапа чеккен аймактардын бирине жөнөтүлүп жаткан бет каптарды алып кетишти. Бул тууралуу The Guardian жазат.

Бет каптар учууга даярданып жаткан Шанхай аэропортундагы учуу-конуу тилкесинде болгон. Ушул тапта, таңгактаган накталай акча менен америкалык сатып алуучулар француздарга караганда үч эсе көп сунуш кылышкан.

Натыйжада Францияга барчу учак АКШдагы катталбаган жерге учуп кетти.

Франциянын чыгышындагы Мюлузе шаарындагы тез жардам ооруканасынын дарыгери жана Улуу Чыгыштын Регионалдык Кеңешинин президенти Жан Роттнер америкалыктар таажывирус менен ооруган реанимация бөлүмдөрүнө бараткан бет каптардын бир бөлүгүн алып алганын тастыктаган.  

«Алар учуп-конуу тилкесине келип, накталай акча алышат жана бизден үч-төрт эсе көп төлөшөт. Биз чындыгында буга каршы күрөшүшүбүз керек”,- деди Роттнер RTL радиосуна.

Роттнердин айтымында, алар ушул жуманын башында дагы 2 миллион бет кап алууга жетишти. “Бул оор. Бул бет каптарды ал үчүн биз күнү-түнү иштешибиз керек”,- деди ал. 

Француз өкмөтүнүн буйруктарынан тышкары, Франциянын бир нече чөлкөмдөрү жалпы суммасы 1 миллиард бет кап буйрутма беришкен, алардын төрттөн бири Кытайдан келген.

Түштүк-чыгыш Прованс-Альп-Лазурный аймагынын башчысы Рено Музелье бет каптарды коргоодо кыйынчылыктарга туш болгонун айтты. Музельенин айтымында, ал аларды деңиз аркылуу ташууну чечкен, бул жайыраак, бирок ишенимдүү. “Жок дегенде, ушул жол менен эч ким менин бет каптарымды учуу-конуу тилкесинен уурдап кетпейт деп ишенем” деди ал BFMTV телеканалына.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: