Бүгүн 13-ноябрда Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 75-76-чакырымында Тамчы тилкесине кар көчкү түшүп, жол жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, көчкү саат 06:10 чамасында түшкөн. Анын көлөмү болжол менен 6000 метр кубга жетет. Жабыркагандар жана кыйроолор жок.
ӨКМнын Ош облустук башкармалыгынан ыкчам топ жана Кара-Кулжа райондук №26- жол тейлөө башкармалыгынан атайын унаалар тартылып учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ