Menu

Асылбек уулу Дамирбек Жогорку Кеңешти шал кылдыбы?

Бөлүшүү:

Алматыда камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек уулу Дамирбектин казак жарандыгы бар болуп чыкты. Бул маалыматты Казакстандын Тышкы иштер министрлиги расмий ырастады. Мындай негиз Казакстандын мыйзамдары менен соттолот дегенди түшүндүрөт. Буга байланыштуу БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Казакстанда кармалган депутат Асылбек уулу Дамирбектин казак жарандыгы бар экени чын болсо мандатынан ажыратыларын билдирип, эгер башка өлкөнүн жараны экенин жашырган болсо, ага кылмыш жоопкерчилиги каралаарын айтып, тиешелүү укук коргоо органдары алектенээрин маалым кылды.

Белгилей кетчү жагдай, Дамирбек мырза Казакстанда жоопкерчиликке тартылбай, акталып келген күндө дагы, мандатынан ажыратылып, ал түгүл Кыргызстандын мыйзамдары менен да кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш. Себеп дегенде, эл аралык коомчулукта чет өлкөнүн жарандары бийликтин эң жогорку бутактарынын бири болгон Жогорку Кеңешке депутат боло берсе болот деген инцидент жаралбаш керек… Башка өлкөнүн жараны катары Жогорку Кеңештин депутаты болуп жеңилдиктерди пайдаланып, маяна алып жүргөн афферисттиги үчүн жооп бериши зарыл. Эки жарым жылдан берки мыйзамсыз алып жүргөн айлыгын, колдонгон жеңилдиктери эки эселенип мамлекетке кайтарылышы абзел.

Арийне, Жогорку Кеңештин депутатынын контрабанда, улут аралык уюшкан кылмыштуу топ түзүү боюнча айыпталышы Кыргызстандын аброюна көлөкө түшүрдү. Маселе эл аралык масштабда резонанс жаратат. Өкүнүчтүүсү Асылбек уулу Дамирбектин казак жарандыгын Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдары БШК, МВД Жогорку Кеңешке талапкер болуп жатканда териштирген эмеспи деген күмөн, шектүү көз караш туулбай койбойт. Албетте, тиешелүү органдар бул жагдайды билбей калышы мүмкүн эмес. Демек, коррупциялык схемалар орун алган. Ошол кездеги БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов буга түздөн-түз жооп берүүгө милдеттүү.
Мындай жагдай экинчи кайталанбаш үчүн баары тыкыр анализденип, бул чалмакей ишке тиешеси барлар сөзсүз кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баш болгон эл өкүлдөрү учурда эмне кылаар айлаларын таппай Адахан Мадумаров айткандай «мандыраш» болуп калышты. Төрага Дастан Жумабеков «депутат өзү жооп берет, Жогорку Кеңеш кийлигишпейт» деп айтып, кайра Казакстан Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулинге депутат Асылбек уулу Дамирбектин ишин эл аралык эрежелердин алкагында иликтөөнү жана кыргыз парламентарийлери менен жолугуштурууга көмөк көрсөтүүнү өтүнүп кат жолдоп отурат. Бул деген Жогорку Кеңеш кийлигишип жатканын түшүндүрөт да. Дагы бир депутат Тазабек Икрамов: «Парламент баарыбыз кепилдик болуп, депутатыбызды сотко чейин алып чыгыш керек», — деп билдирди. Бирок Асылбек уулунун Жогорку Кеңештин, ал түгүл бүтүндөй өлкөнүн аброюн көө сүртүп, кадырын кетирип жатканы эске алыныш керек. Ошондуктан төрага баш болгон депутаттар какаганга муштаган болбой, Кыргызстандын эл аралык аренада имиджине доо кетирип алуудан сактанып мамиле кылуулары кажет.

Жогорку Кеңештин депутаты контрабанда менен кармалды дегендин өзү буга дейре Казакстандын Кыргызстанга болгон аткезчилик доосунун чындыгы бардыгына далил болуп берет. Кыргызстандын Бажы башчысы Кубанычбек Кулматов бажыдагы мамлекетке түшкөн төлөмдөр бир айда 10 эсеге жогорулаганын билдиргенде, Жогорку Кеңештин депутаттары «демек бажы тармагында буга чейин коррупция орун алып келиптир да» дешип суроо беришкенде, Бажы башчысы коррупция бар экенин моюндаган. Демек, коррупция бар болсо, коррупционерлер бар. Бирок кимдер экени табышмак? Күнү бүгүнкүгө чейин колу туткактар аныктала элек. Ал эми Казакстандын мамлекеттик органдары минтип Жогорку Кеңештин депутатын кылтакка илип отурат… Кыскасы, Асылбек уулу Дамирбектин бул жоругу менен ансыз да учурда коомчулуктун сынына тушугуп шалдырап турган Жогорку Кеңешти биротоло шал кылып таштады…

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: