Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Россия жана Борбордук Азия боюнча инфраструктуралык долбоорлор бөлүмүнүн башчысы Екатерина Мирошник менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча каржыланып жаткан ичүүчү суу менен камсыздоо, суу чыгаруу, коммуналдык тейлөө багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды. Ошондой эле Ош-Баткен-Исфана жана Бишкек-Кара-Балта жолдорун куруу долбоорлору боюнча пикир алмашуу орун алды.
ЕРӨБ бөлүм башчысы Екатерина Мирошник Абулгазиевге долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата суу түтүктөрү, суу чыгаруу жана тазалоо жайлары тутумун реабилитациялоого 173,2 млн евродон ашуун финансылык каражаттар тартылган.
Мухамметкалый Абулгазиев ЕРӨБгө жемиштүү кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирип, Банк тараптан ар кыл тармактагы долбоорлорду ишке ашырууга үзгүлтүксүз көмөк көрсөтүлүп жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле ал аталган долбоорлордун ишке ашырылышы менен жарандардын жашоо-турмушу үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп, өлкө аймактарынын инфраструктурасы жакшыртылып жаткандыгына токтолду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ