Menu

Коомдук ишмер Аликбек Жекшенкуловго туз суроо?: Унгар-Тоо десе эле үнүңүз чыкпай калып атат да, ыя?

Бөлүшүү:

 

Ушу тапта тышкы саясат бир топ солгундап туру. Алыс барбай эле Унгар-Тоо маселесин алалы. Өз жерибизде туруп, өзгөлөрдөн кордук көрөт деген так ушул Унгар-Тоо маселесинде айгинеленип олтурат. Бул көйгөй кайдан чыкты? Аликбек Жекшенкуловду тааныйсыңар да. Акаев учурунда элчи, Бакиевдин учурунда тышкы иштер министри болуп жүргөн. Акыры «министрликтин имаратын оңдойм деп ири суммадагы каражатты кымырып алган» деп айыпталып, иш козголгон жайы бар. 2010-жылдын 7-апрели багын ачып, акталып чыкты. Ортодо Бакиев бийлигине да, кийинки бийликке да оппозиция боло койду. Албетте, кеп анын ишмердүүлүгү же баскан жолунда эмес. Айталы дегенибиз талаш маселе туудуруп, чырлуу окуянын учугун чубап чыгып аткан Унгар-Тоо маселеси так ушул Жекшенкулов министр болуп турган кезге туш болуп, атүгүл аталган аймакты Өзбекстанга берүү боюнча токтомду так ушул киши өз колу менен даярдаганы ачыкка чыгып, жалпы журтка жарыяланып олтурат. Бу киши актанууда. Бирок кагаз жүзүндөгү токтомдон кантип кача алат?

–Аликбек мырза, Бакиев доорунда ТИМди жетектегениңизди танбайсыз да. Бакиев жетектеп барчу Өзбекстанга болгон иш сапарга министр катары барып келгениңиз дагы чын. Анан эмне эле өзүңүздү Бакиевге жолоткуңуз келбей жаа бою качып атасыз? Анан да Унгар-Тоо маселеси көтөрүлгөндөн бери унчукпай жатасыз. Так сиз министр болуп турганда ушул маселе будаймайлангандыгы аныкпы? Ал токтомду ким даярдады эле? Балким сиздин даярдаганыңыз чындыр? Ал жерде эмне жөнүндө сөз болгонун коомчулукка толук айтып берип койбойсузбу?

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: