Menu

Жарашыктуу кийине билүү да чоң искусство

Бөлүшүү:

Түстөр, түстөр…

– Биздин кыргыз эли жана грузиндер кара түскө көп басым жасашат. Психология жактан алып карасак, энергиялуу адамдарга кара түс жагат экен. Эми ал башка маселе. Мен жаштарга ачык түстөргө басым жасоого кеңеш берет элем. Анткени кара түс токтоо, анан адамды кары көрсөтүп коёт. Негизи, бир адамдын кийиминде үч түстөн ашык болбошу талапка ылайык. Кийимдеги түстөр бири-бирине жакын болгону жакшы. Мисалы, күрөң пальтого андан ачыгыраак күрөң түстөгү шарф же сумка жарашат. Эсиңиздерде болсун, муздак түстөр менен жылуу түстөр таптакыр айкалышпайт.

Бут кийим

Аялзаты бийик такага басым жасаганы оң. Анткени бийик така боюңду түз алып жүрүүгө, сымбаттуу көрүнүүгө жардам берет. Бийик така менен бардык нерсени айкалыштырса болот. Мисалы, чолок шымдар менен бийик такалуу өтүк сонун жарашат. Албетте, жапыз такалуу бут кийим көп баскан адамдарга ьщгайлуу. Жапыз така менен көбүнчө узун көйнөктөрдү айкалыштырса болот. Этеги жайык, тизеден ылдый көйнөктөр да жапыз така менен жакшы жарашып, кыялкеч адамдын образын түзөт. Жапыз така менен спорттук курткалар, кышкысын кончуна жынсы киргйзилип коюлган бут кийимдер жакшы жарашат.

Келбетке карап…

– Кийим тандоодо көбүнчө толук адамдар кыйналышат. Бирок айрымдар денесинин кемчилигин жашырам деп тескерисинче оркойтуп көрсөтүп алышат. Мисалы, толуктугун жашыруу үчүн кенен көйнөктөрдү кийишет. Бул денени ого бетер чоң көрсөтөт. Ошондой эле толук айымдар кыска жемперлерден, костюмдардан качканы оң. Анткени кыска кийим аларды ого бетер тоголок көрсөтөт. Сызыкчалары туурасынан кеткен, чоң-чоң сүрөттөрү бар кийимдер денени толук көрсөтөт. Толук айымдар классикага көбүрөөк басым жасашы керек. Узун, тикесинен кеткен сызыктары бар көйнөктөр денени сымбаттуукөрсөтөт. Биздин тилде “отвлекающий манёвр” деп коёбуз. Мисалы, чоң чөнтөктөр менен өзгөчө түс же бир асем буюм кишинин көңүлүн буруп, басым анын толуктугуна жасалбайт.

Арыктар кантип кийиниши керек?

Адатта арыктарга баары жарашат деп коёбуз. Бирок ашыкча арыктыкты да жашырууга туура келет. Мисалы, жамбашы жалпак деп коёлу. Мындай айымдар денесинин бул мүчүлүшүн жашыруу үчүн көпчүлүк учурда белден ылдыйкы бөлүгү жайык көйнөктөрдү, юбкаларды кийгени оң. Чапташкан жынсы шымдар жамбаштын жалпак экенин билгизип, көзгө жаман көрсөтөт. Ал эми төпгү жалпактар көкүрөгү бир аз ачыгыраак футболкаларды же көкүрөк тушунда бүйүрмөлөрү бар көйнөктөр менен бул кемчиликти жашыра алышат.

Аксессуарлар

Азыр асем буюмдардын түрү көп. Моюнга асем буюм же шарф жарашарын, моюндун узун кыскалыгана гана көз каранды. Моюну кыскалар түрүндөгү жакаларды тандаганы он. Шарф же жоолук моюндун кыскалыгын ого бетер жагымсыз көрсөтүп коет. Кыска моюндууларга оролуп турган асем буюмдар жарашпайт. Алар узун чынжырча тагынганы он. Ал эми моюну узундарга баары жараша берет. Тегерек беттүүлөр сүйрүже узун сөйкө тагынганы туура.

Жалпысынан кийинүүнүн стили 5 түргө бөлүнөт. Алар:

Гламур- бул классикалык стиль. Кечелерге, салтанаттарга кийинүү.

Рок-кара түстөргө басым жасала турган жаштардын кийими, өзгөчөлүгү металл кайыштар менен кооздолот.

Дзен – чыгыш стилиндеги кийимдер.

Спорттук – түшүндүрүүнүн кажети жок.

Поп – баардык стилди аралаштырып кийинүү.

Айлин Аманова

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: