Германиянын мурдагы президенти Рихард фон Вайцзеккердин уулу, 59 жаштагы Фриц 19-ноябрда Берлиндин Schlosspark-Klinik жеке клиникасында лекция окуп жатканда, белгисиз бирөө бычак менен кол салып, сайып өлтүрдү. Бул тууралуу Tagesspiegel басылмасы жазып чыкты. Алган жарааттарынан эсине келбей, ошол жерден жан берген. Фриц фон Вайцзеккер клиниканын терапевттик бөлүмүнүн башчысы болуп 2005-жылдан бери иштеп жүргөн.
Полиция кол салган кылмышкерди дароо кармашкан. Бирок өлтүрүү себептери али белгисиз.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ