Menu

Садыр Жапаров өз күнөөсүн мойнуна алдыбы?

Бөлүшүү:

2013-жылы Кара-колдо «Кумтөр» компаниясына каршы митинг уюштуруп, ошол кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаевди тарапташтары тарабынан барымтага алдырууга айыпталып, 11 жылга эркинен ажыратылган Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сурап кайрылганы белгилүү болду. Анын адвокаты Шарабидин Токтосуновдун айтымында Жапаров президенттен ырайым сурап кайрылганына бир ай убакыт болуптур. Учурда анын арызы президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссия тарабынан каралып жатканы белгилүү болду.

С. Жапаров А. Атамбаевдин убагында камакка алынганы белгилүү. Бирок, ага карата козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук катары саноо негизсиз. Себеби, 2013-жылы Караколдо болгон митингде С. Жапаровдун туугандары, эжеси да катышканы белгилүү. Анан дагы Э. Каптагаевди барымтага алып, бир нече саат бою кармап отурушкан машина дагы С. Жапаровдун эжесине таандык экени ошондо эле айтылган.

Демек, Садыр Жапаров өзүнүн бул кылмыш ишин жокко чыгара албай турганын түшүнгөндөй болгон өңдүү. Президенттен ырайым сурап кайрылганы эле анын өз күнөөсүн мойнуна алганы болуп саналат эмеспи.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: