Menu

Фото – Мухаммедкалый Абылгазиев: “2020-жылы МЖКтүн алкагындагы долбоорлор масштабдуу түрдө жүзөгө ашырыла баштайт”

Бөлүшүү:

2020-жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагындагы долбоорлор масштабдуу түрдө жүзөгө ашырыла баштайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев  Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча кеңеште билдирди.

«Бүгүнкү күндө дээрлик бардык инфраструктуралык объектилер мамлекеттин эсебинен каржыланууда. Бюджеттин тартыштыгынан улам жаңы объектилердин курулушу жана эскилери оңдоп-түздөөдөн өткөрүлбөй келген. Тышкы каражаттардын эсебинен кырдаалдан чыгуудабыз. Бирок дайыма сырттан жардам күтө бергенибиз болбойт. Сырттан акча алганды кыскартуу керек. Өлкөнүн экономикалык өсүүсүн камсыз кылуу үчүн бизнестин активдерин колдонуу таасирдүү чаралардан болуп саналат. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасы көпчүлүк өлкөлөрдүн инфраструктуралык маселелерин чечүүгө жардам берген», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы мамлекеттин жана жеке ресурстардын биригүүсү экономиканы өнүктүрүүдөгү туура кадам болуп саналарын айтты.

«Көпчүлүк социалдык маселелерди ушул система аркылуу чечсе болот. Муну менен катар МЖӨдөгү долбоорлордо үч тараптуу баланс – мамлекет, бизнес жана керектөөчүлөр – сакталышы керек. Быйыл парламент көпчүлүк жол-жоболорду жеңилдеткен жана бардык тараптардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алды. Мындан тышкары Экономика министрлигине караштуу МЖӨ борбору түзүлдү.  2021-жылга чейин  долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюча фонд түзүлдү, ага  техникалык-экономикалык негиздеме жана тендердик иш-кагаздарды даярдоо үчүн 4  миллион доллар бөлүндү. «Манас» Эл аралык аэропорту» ААКты модернизациялоо боюнча стратегиялык долбоорду баштоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул чаралардын бардыгы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк линиясы боюнча долбоорлорду кеңейтүүгө олуттуу мамиле кылып жатканыбызды далилидеп турат. Биз мамлекет менен өнөктөш болуу – пайдалуу экенин көрсөтүшүбүз керек. Учурда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк линиясы боюнча 500 млн АКШ долларына 23 долбоордун портфели түзүлдү жана аларды карап, иштеп чыгуу жумуштары жүрүүдө.  Акыркы он жылда биринчи жолу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин ишке киргизүү иши башталганы маанилүү», – деди премьер-министр.

Маалымдама: Учурда төрт мекеме мамлекеттик-жеке өнөктөштүк системасынын негизинде иштеп жатат. Ош, Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ кызматын көрсөтүү боюнча долбоор иштөөдө, «Кызыл Кыргызстан» кинотеатры кайрадан курулат, анын пайдубалына капсула салынды. Бишкек шаарында коомдук унааларда электрондук билет берүү долбоору киргизилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: